Окуу башкармалыгынын башчысынын орун басары
Кызматтык милдеттери
· И. Раззаков атындагы КМТУнун 2-кампус боюнча Окуу башкармалыгынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин уюштурат;
· Жогорку кесиптик билимдин мамлекеттик билим стандарттарынын, негизги билим берүү программасынын жана окуу пландарынын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөйт;
· Окуу-методикалык ишти жөнгө салуучу нормативдик документтердин (жоболор, буйруктар, чечимдер, нускамалар) долбоорлорун даярдайт;
· Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын ишинин, экзамен сессияларынын, модулдук контролдун жүргүзүлүшүн көзөмөлдөйт жана алардын жыйынтыктарын талдайт;
· Жетекчиликтин талабына ылайык отчетторду жана маалымкаттарды даярдайт;
· КГТУнун Уставын, ички эмгек тартибинин эрежелерин, кесиптик этиканын нормаларын жана кызматтык жүрүм-турум эрежелерин сактайт;
· Кызматтык милдеттерди аткарууда кызматтык документация жана маалымат менен иштөө тартибин сактайт;
· Аткарууда турган кызматтык документтердин сакталуусун камсыз кылат.

