Барбашева Мира Салмурбековна
Ага окутуучу
Өмур баян
Мен, Барбашева Мира Салмурбековна, 1967 – жылы 18 – ноябрда Фрунзе шаарында төрөлгом.
1986 – жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин роман – германдык филология факультетинин немец тили бөлүмүнө кабыл алынгам.
1991 – жылы университеттии йгиликтуу аяктоо менен бирге «Филолог. Немец тили жана адабияты боюнча окутуучу» квалификациясына ээ болдум.
Ошол эле жылы Ивановкадагы №1 орто мектебинин орус класстарына кыргыз тилинен мугалим болуп орношуу менен эмгек жолумду баштадым.
1994 – жылы К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун чет тилдер кафедрасына окутуучу болуп орношуп, 1998 – жылга чейин иштедим.
1996 – жылы январь айында Германиядагы Лейпциг шаарында квалификацияны жогорулатуу курсунан өтуп келдим.
1999 – жылдан 2002 – жылга чейин Бишкек шаарындагы жогорку армиялык окуу жайында, немец тилинен окутуучулук кесипте эмгектиндим.
2002 – жылы июль айында Германиядагы Хюрт шаарында Бундесвер тил даярдоо борборунда квалификацияны жогорулатуукурсунан өтуп келдим.
2002 – жылдан 2014 – жылга чейин К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин чет тилдер кафедрасында окутуучулук кесипте эмгектиндим.
2006 – жылы Германиядагы Швебиш Халль шаарындагы Гете атындагы института квалификацияны жогоррулатуу курсунан өтуп келдим.
2014 – жылдан 2016 – жылга чейин Среднеуральск шаарындагы бала бакчада тарбиячылык кесипте эмгектиндим
2017 – жылдан бүгүнкү күнгө чейин И. Раззаков атындагы Кыргыз улуттук техникалык университетинин немис тил борборунда окутуучулук кесипти аркалап келем.