Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

кафедра башчысы Чокморова А.М.


Чокморова Айнура Мырзабековна
Кафедра башчысы, доцент

Билими:

2010 – И.Арабаев атындагы КМУ, Магистратура, “Тил илими”, адистиги - филолог, англис тилинин окутуучусу.

Сыйлыктары: КМТУнун ардак грамотасы.

Чокморова А.М. эмгек жолун 2003-жылы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин, Чет тилдер кафедрасынын улук лаборант кызматынан баштаган. 2005 жылдан баштап 2010 жылга чейин ошол эле кафедрада англис тилинин окутуучусу болуп иштеп, 2010 жылдын октябрь айынан баштап  доценттин милдетин аткаруучу кызматына которулган. 2006 жылдан баштап 2010 жылга чейин Чокморова А.М. окуу иштери боюнча чет тилдер кафедрасынын башчысынын орунбасары болуп эмгектенип, жана олимпиада уюштурууга да жооптуу болгон.

2010-жылдын октябрь айында Чокморова А.М. буйрук менен, чет тилдер кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 2013-жылдын декабрь айында конкурстук сынактан ийгиликтүү өтүп, ошол эле кафедранын башчысынын жана доцентинин кызмат ордун аркалап калат. 2019-жылдын 3-апрелинде Чокморова А.М. конкурстук сынактан ийгиликтүү өтүп, чет тилдер кафедрасынын башчысы жана доценти болуп эмгектенип келет.

Чокморова А.М. үзгүлтүксүз, тынымсыз билим денгээлин жана профессионалдык квалификациясын жогорулатып турат. 2015-жылы Англиянын Эссекск университетинде билимин жогорулатып, 2016-жылы  Италиянын А.Пескаара университетинде окуган. 2016-жылдын май айында, жогоруда өткөн курстардын жыйынтыгы катарында, КМТУнун чет тилдер кафедрасы, англис тилинин мугалимдерине семинар өткөргөн. Семинарга Бишкек, Нарын, Каракол шаарларынын мугалимдери катышып, Чокморова А.М. жетектеген.

Чокморова А.М. эл аралык мамилелерди чындоого чон салымын кошуп келет. Кыргызстандагы АКШ элчилиги менен тыгыз жана жемиштүү эмгегинин негизинде, кафедранын окутуучулары методика боюнча квалификацияларын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнѳ ээ болушту.Бүгүнкү кезде, Кыргызстандагы АКШ элчилигинин колдоосунун негизинде,чет тилдер кафедрасында англис тилинин фулбрайтер окутуучусу Морган Чеддертон иштеп, университеттин студенттерине, окутуучуларына, кызматкерлерине тил билүү денгээлдерине жараша, англис тилин окутат.

Чокморова А.М. илимий жана методикалык иштердеги ийгиликтери жана жогорку жетишкендиктери үчүн КМТУнун ардак грамотасы менен сыйланган. Көп жылдык, талыкпаган ак эмгеги, иш билгилиги ,кызматтагы жетишкендиктери жана жоопкерчилиги үчүн ФПИ-КМТУнун 60-жылдык юбилейине карата “КМТУ-60 жыл”, медалы менен жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү министирлигигин ардак грамотасы менен сыйланган.

Чокморова А.М. үй бүлөлүү, төрт баланы тарбиялайт.

Илимметриялык маалымат базаларындагы профилдери:

1. ORCID : https://orcid.org/0000-0002-8855-773X

2. Scopus Author ID: Ainura Chokmorova

3. РИНЦ Author ID: SPIN-kod 2213-8224

4. Google Scholar: Айнура Чокморова

5. Researchgate.net : Ainura Chokmorova


Приёмная: 0312 56-13-40

Кабинет: 2 / 605

e-mail: chokmorova@kstu.kg

Стаж работы: 23 жыл