Тойбаева Жазгул Джумадиловна

Тойбаева Жазгул Джумадиловна

Улук окутуучу

Туулган жылы: 1992-жыл, 14-май

Билими:

  • 2010–2015-жж.: И. Раззаков атындагы КМТУ, Маалыматтык технологиялар факультети. Адистиги: «Эсептөө техникасынын жана автоматташтырылган системалардын программалык камсыздоосу». Квалификациясы: Инженер-программист.
  • 2020–2023-жж.: И. Раззаков атындагы КМТУ, аспирантура. Адистиги: «Телекоммуникациялык системалар жана компьютердик тармактар».

Иш тажрыйбасы:

  • 2013–2018-жж.: «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын окутуучусу.
  • 2019-жылдан азыркы күнгө чейин: И. Раззаков атындагы КМТУ, Электроника жана телекоммуникация институту, академик А. Жайнаков атындагы МСТ кафедрасынын ага окутуучусу.
  • Учурдагы кызматы: Директордун тарбия иштери боюнча орун басары (ЭТИ); ага окутуучу (штат); Маалыматтык технологиялар институтунун «Компьютердик системалардын программалык камсыздоосу» кафедрасынын ага окутуучусу (ички айкалыштыруу).

Сыйлыктары:

  • “Space Camp Turkey” сыйлыгы (Түркия, Измир ш.);
  • «Алтын түйүн» академиясынын ыраазычылык каты;
  • И. Раззаков атындагы КМТУнун жана ЭТИнин ыраазычылык каттары.

Илимий кызыкчылыктары: Программалык камсыздоону жана инфокоммуникациялык тармактарды долбоорлоо жана иштеп чыгуу. Басылмалары: Программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча 1 патент, Lecture Notes in Networks and Systems (Web of Science, Scopus) журналында 1 макала жана 8 илимий, окуу-методикалык иштер.

Илимий профилдери:
1. ORCID: https://orcid.org/0000-0002-1679-7451
2. Researcher ID Web of Science: https://www.webofscience.com/wos/author/record/HNQ-4847-2023
3. Google Scholar: Жазгул Тойбаева
E-mail: jaz@kstu.kg

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар