Студенттердин илимий-изилдөө иштери
А. Жайнаков атындагы «Маалыматтык системалар жана технологиялар» кафедрасында өнүктүрүлгөн негизги илимий багыттар төмөнкүлөр:
- Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар;
- Колдонмо маселелерди чечүү үчүн жасалма интеллектти изилдөө жана колдонуу;
- Маалыматтык-телекоммуникациялык технологиялар;
- Жерди дистанциялык зонддоо маалыматтарын санариптик иштеп чыгуу.
Аталган илимий багыттар боюнча кафедранын окутуучулары илимий-изилдөө иштерин жүргүзүшөт жана докторлук, кандидаттык диссертацияларын коргоого даярданышат. Кафедранын кызматкерлери «Математикалык жана маалыматтык технологиялар» эл аралык конференциясына, жакын жана алыс чет өлкөлөрдүн илимий семинарларына, ошондой эле Кыргыз Республикасында өткөрүлүүчү илимий иш-чараларга активдүү катышып келишет. Мындан тышкары, кафедра Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин гранттары тарабынан каржыланган илимий долбоорлорго катышат.
Студенттер студенттердин илимий-изилдөө иштерине (СИИИ) тартылган жана студенттик илимий-техникалык конференцияларда дайыма баяндама жасап турушат. Илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын илимий журналдарында монография жана макала түрүндө жарыяланган, ошондой эле республикалык жана эл аралык илимий-практикалык конференциялардын баяндамаларында сунушталган.
Шилтемелер:
- СИИИ (НИРС) жөнүндө жобо
- Кафедранын илимий-изилдөө иштеринин (ИИИ) планы
- Кафедранын окутуучуларынын басылмалары
- Конференциялар, сынактар, гранттар
- И. Раззаков атындагы КМТУнун илимий-изилдөө ишмердүүлүгү жөнүндө жобо
- И. Раззаков атындагы КМТУнун стартаптар жөнүндө жобосу
- Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө ЖОЖ ичиндеги гранттар жөнүндө жобо
- КМТУнун илимий журналдары

