Койчуманова Жамила Койчумановна

Койчуманова Жамила Койчумановна
Улук окутуучу

Билими:

  • 1991–1996-жж.: И. Арабаев атындагы Кыргы3 мамлекеттик педагогикалык университети. Адистиги: «Физика жана информатика». Квалификациясы: Физика жана информатика мугалими.
  • 1996–1999-жж.: Кыргыз тоо-кен металлургия институту, аспирантура.

Иш тажрыйбасы:

  • 1996–2001-жж.: Кыргыз тоо-кен металлургия институту, «Маалыматтык технологиялар жана математикалык моделдөө» кафедрасынын окутуучусу.
  • 1997-ж.: «Маалыматтык технологиялар жана математикалык моделдөө» кафедрасынын жетектөөчү инженери (айкалыштыруу боюнча).
  • 1999-ж.: Ж. Баласагын атындагы КУУнун «Математика жана информатика» кафедрасынын ага окутуучусу (айкалыштыруу боюнча).
  • 2008-ж.: К. Карасаев атындагы БМУнун «Информатика жана математика» кафедрасынын ага окутуучусу (айкалыштыруу боюнча).
  • 2012-ж.: КУУА архитектура жана курулуш университетинин Инновациялык кесиптер институтунун ага окутуучусу (айкалыштыруу боюнча).
  • 2013-ж.: Бишкек тоо-кен технологиялык колледжинин ага окутуучусу (айкалыштыруу боюнча).
  • 2001–2022-жж.: Академик У. Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иши жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университетинин академик А. Жайнаков атындагы «Маалыматтык технологиялар жана математикалык моделдөө» кафедрасынын ага окутуучусу.
  • 2022-жылдан азыркы күнгө чейин: И. Раззаков атындагы КМТУ, Электроника жана телекоммуникация институту, академик А. Жайнаков атындагы «Маалыматтык системалар жана технологиялар» кафедрасынын ага окутуучусу.

Илимий-изилдөө иштери: 20дан ашык илимий жана окуу-методикалык эмгектердин автору, эл аралык конференциялардын катышуучусу.

Илимий профилдери:

1. ORCID: https://orcid.org/0009-0005-6207-3963
2. Researcher ID Web of Science: Zhamila Koichumanova
3. РИНЦ AuthorID:
4. Google Scholar: Koichumanova Zhamila
5. researchgate.net Koichumanova Zhamila

e-mail: jamila.koichumanova@kstu.kg

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар