Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Тармактык Университети (КМШ ТУ)

Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Тармактык Университети (КМШ ТУ) — КМШга мүчө мамлекеттердин ортосунда гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган жогорку окуу жайлар аралык кызматташтыктын системасы.

2008-жылы КМШга мүчө мамлекеттердин ортосунда гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында Россия элдеринин достугу университети КМШга мүчө мамлекеттердин гуманитардык кызматташтыгы боюнча Мамлекеттер аралык фонддун (МФГС) колдоосу менен «КМШнын Тармактык Университетин түзүү (2008–2011-жж.)» долбоорун демилгелеген.

КМШ ТУнун негизги максаттары:

  • КМШга мүчө мамлекеттердин жогорку окуу жайлары үчүн бирдиктүү (жалпы) билим берүү мейкиндигин түзүү, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу, «камтылган окутууну» уюштуруу жана жогорку окуу жайлар аралык кызматташтыктын жаңы формаларын өнүктүрүү;

  • КМШнын алкагында студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн механизмдерди түзүү;

  • студенттик чөйрөдө маданияттар аралык диалогду өнүктүрүү, КМШга мүчө мамлекеттердин элдеринин маданиятын, тилдерин, тарыхый жана улуттук салттарын сактоо, өнүктүрүү жана өз ара байытуу.

2009–2012-жылдары Консорциумдун курамына КМШга мүчө 9 мамлекеттен 27 алдыңкы университет кирген: Азербайжан Республикасы, Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Молдова Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы жана Украина.

Консорциумдун катышуучулары КМШга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу жана эки тараптуу мамлекеттер аралык келишимдеринин, катышуучу жайгашкан мамлекеттин колдонуудагы улуттук мыйзамдарынын, өз уставдарынын жана билим берүү, административдик жана башка ишмердүүлүктө колдонулуучу жергиликтүү ченемдик актылардын, ошондой эле КМШ Тармактык Университетин түзүү жөнүндө Консорциум келишиминин жана магистрлерди биргелешип даярдоо жөнүндө келишимдердин негизинде иш алып барышат.

КМШ ТУнун өнөктөш университеттеринин өз ара аракеттенүүсүн Координациялык кеңеш камсыз кылат. Бул кеңеш ошондой эле Консорциумга кирүү боюнча университеттердин арыздарын карайт. Кеңештин жетекчиси — **Россия элдеринин достугу университети**нин ректору В. М. Филиппов.

2017-жылдын 2-майында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети КМШ ТУнун Координациялык кеңешинин Төрагасынын атына КМШнын Тармактык Университетине кошулуу боюнча арыз берген.

2017-жылдын 24-майындагы КМШ ТУнун Координациялык кеңешинин жыйынында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин КМШ ТУнун Консорциумуна кошулуу жөнүндө Меморандумга кол коюлган.

2018-жылдын 5-июнундагы КМШ ТУнун Координациялык кеңешинин жыйынында төмөнкү келишимдерге кол коюлган:

  • И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен **Москва энергетика институту Улуттук изилдөө университети**нин ортосунда «Жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы» багыты боюнча «Жылуулук электр станциялары» программасынын алкагында магистрлерди биргелешип даярдоо тууралуу эки тараптуу келишим;

  • И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Москва энергетика институту Улуттук изилдөө университети жана **Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети**нин ортосунда «Электроэнергетика жана электротехника» магистратура багыты боюнча «Электроэнергетикадагы долбоорлорду башкаруу» программасынын алкагында магистрлерди биргелешип даярдоо тууралуу үч тараптуу келишим.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар