Азия Университеттеринин Ассоциациясы (АУА)
Азия университеттеринин ассоциациясы 2013-жылдын май айында анын уюштуруу съездинде, дүйнөнүн 8 өлкөсүнөн келген 27 университеттин делегацияларынын катышуусу менен түзүлгөн.
ААУнун биринчи президенти болуп Алтай мамлекеттик университетинин ректору Сергей Землюков шайланган. 2020-жылдын сентябрь айында Азия университеттеринин ассоциациясынын Президенти болуп Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Жалилович Садыков шайланган.
Азия университеттеринин ассоциациясы эмнени билдирет?
Ассоциацияны түзүүнүн максаты — бирдиктүү азиялык билим берүү мейкиндигин калыптандыруу, жогорку билим берүү тармагындагы интеграциялык процесстерди активдештирүү, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө жана Азия аймагындагы жогорку окуу жайлардын ортосундагы маданий байланыштарды кеңейтүүгө көмөктөшүү, университеттик билимге ээ адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу жана илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун арттыруу.
Ассоциациянын негизги милдеттери:
бирдиктүү азиялык билим берүү мейкиндигин түзүү, университеттик билим берүүнүн мазмунуна коюлган талаптардын бирдиктүү деңгээлин калыптандыруу, Ассоциацияга мүчө университеттердин дипломдорун таанууга көмөктөшүү;
университеттик билим берүүнүн жана илимдин ролун жогорулатуу, Ассоциацияга мүчө университеттерди Азия өлкөлөрүнүн алдыңкы окуу-илимий жана коомдук борборлоруна айлантуу;
Ассоциацияга мүчө университеттердин окуу-методикалык жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгү жаатында эл аралык кызматташтыгын уюштуруу;
биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
жогорку кесиптик билим берүү жана илимий изилдөөлөр жаатында тажрыйба алмашуу;
эл аралык илимий-методикалык конференцияларды, семинарларды, илимий-изилдөө иштерин, практикаларды жана стажировкаларды уюштуруу жана өткөрүү;
кесиптик багыт берүү, таланттуу жаштарды колдоо маселелерин чечүүгө көмөктөшүү.
Азия университеттеринин ассоциациясынын катышуучулары:
Армения — 1 университет;
Казакстан — 33 университет;
Кытай — 4 университет;
Кыргызстан — 15 университет;
Монголия — 3 университет;
Россия — 22 университет;
Тажикстан — 12 университет;
Өзбекстан — 4 университет;
Таиланд — 1 университет;
Малайзия — 1 университет;
Афганистан — 4 университет.
Азия университеттеринин ассоциациясынын алкагында төмөнкү биргелешкен иш-чаралар өткөрүлөт:
Азия этнографиясы боюнча эл аралык жайкы мектептер;
Азия университеттеринин ассоциациясынын жыл сайын өткөрүлүүчү Жалпы жыйындары;
II Азиялык студенттик форум «Кыргызстан – Азия – 2015»;
III Азиялык студенттик форум «Алтай – Азия – 2017»;
IV Азиялык студенттик форум «Тажикстан – Азия – 2019»;
IV Эл аралык билим берүү форуму «Алтай – Азия – 2020».

