Улук окутуучу
Рысбеков Айдарбек Шайыкович
Улук окутуучу
Билими:
1991-ж. — Фрунзе политехникалык институту,
адистиги: «Курулуш жана жол машиналары менен жабдуулары»,
квалификациясы: инженер-механик, Фрунзе ш.
Эмгек жолу:
1991–1998-жж. — Кыргыз Республикасынын ИИМинин Мамлекеттик өрткө каршы кызмат органдарында кызматкер
1999–2000-жж. — КГУСТАнын «Көтөрмө-ташуу жана курулуш-жол машиналары» кафедрасынын окутуучусу
2000–2018-жж. — КГУСТА им. Н. Исанов атындагы
«Жол кыймылын уюштуруу»,
«Ташууларды уюштуруу жана кыймыл коопсуздугу» кафедраларында
окутуучу, улук окутуучу, доценттин милдетин аткаруучу
2001–2004-окуу жылдары — КГУСТАнын ИНТРАНСКОМ институтунун тарбия иштери боюнча директордун орун басары, профбюронун төрагасы
2018–2022-жж. — КГУСТА им. Н. Исанов атындагы «ОПиБД» кафедрасынын улук окутуучусу
01.09.2022-жылдан бери — И. Раззаков атындагы КМТУнун
«ОПиУТ» кафедрасынын улук окутуучусу
Илимий-изилдөө ишмердүүлүгү
Мамлекеттик бюджеттик долбоорлорго катышуусу:
| № | Долбоордун темасы | Жылы | Кызматы | Долбоордун жетекчиси |
| 1 | Бийик тоолуу шарттарда иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн телескопиялык түртүп туруучу брустар менен жаңы бульдозер жабдуусунун негизги параметрлерин негиздөө | 2010–2011
| Улук илимий кызматкер | Исаков К.И., т.и.к., проф. м.а. |
| 2 | Кыргызстандын төмөн сорттогу көмүрлөрүн кайра иштетүү аркылуу жакшыртылган отун алуу | 2017
| Илимий кызматкер | Асанов А.А., т.и.д., профессор |
| 3 | Казылып алынган көмүрдү кайра иштетүүнүн негизинде энергияны когенерациялоонун ресурс үнөмдөөчү технологиясын иштеп чыгуу | 2018 | Илимий кызматкер | Асанов А.А., т.и.д., профессор |
| 4 | Бийик тоолуу автомобиль жолдорун табигый кубулуштардын кесепеттеринен сактоо жана коргоо жолдору | 2019–2020 | Улук илимий кызматкер | Раджапова Н.А., т.и.к., профессор |
| 5 | Сууну тазалоо үчүн жергиликтүү чийки заттан көмүртектүү сорбенттерди иштеп чыгуу | 2021–2022 | Илимий кызматкер | Асанов А.А., т.и.д., профессор |
Техникалык илимдеринин доктору А.А. Асановдун жетекчилиги астында
«Свайлуу фундаменттердин тыгыздалган негиздерин түзүү үчүн жабдууларды иштеп чыгуу» темасында кандидаттык диссертациянын үстүндө иштеп жатат.
2013-жылы А. Эйнштейн атындагы Эл аралык энергетика академиясынын корреспондент-мүчөсү болуп шайланган.
Магистранттарга консультация берет, бүтүрүү квалификациялык иштерине жетекчилик кылат жана төмөнкү атайын дисциплиналар боюнча лекция окуйт:
- Жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттары
- Жол кыймылынын коопсуздук кызматы (ЖКК/ГАИ)
- Транспорттук жана жүк жүктөө-түшүрүү каражаттары
- Жүк жана жүргүнчү транспорт паркынын түзүмүн долбоорлоо
- Жол кыймылынын эрежелери жана коопсуздугу
60 илимий-методикалык эмгектин автору, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын 12 ойлоп табуу патенти,
- 36 илимий макала,
- 10 методикалык көрсөтмө,
- КР Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен 2 окуу куралы.
Сыйлыктары:
- КР профсоюздар союзунун Ардак грамотасы (2005)
- КР ББИМ, ЖОЖдордун ректорлор кеңеши жана «EdNet» билим берүү мекемелеринин ассоциациясы тарабынан
«Компетенттүүлүккө негизделген мыкты инновациялык окуу-методикалык комплекс» конкурсунун катышуучусунун диплому (28.05.2010-ж.) - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы (март, 2012-ж.)
- «Акыл тиреги» прогрессивдүү идеялар фондунун номинанты, 3-орун
(50 000 сомдук сертификаттын ээси, ЭТ-А электрондук таблонун автору) - Кыргыз Республикасынын БШКсынын Ардак грамотасы (04.02.2021-ж., №22)
- Билим берүүнүн отличниги (буйрук №31/4, 27.12.2021-ж.)
- Кыргызпатенттин — КР Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы
(28-май 2022-ж., КГУСТАнын 30 жылдыгына карата)
Илимий маалымат базаларындагы профилдери:
- Scopus: ajdarbek-r@mail.ru
- Google Scholar: https://scholar.google.com/citations?user=YBoXB9YAAAAJ&hl=ru
- ResearcherID (WoS): HNR-6979-2023
- ORCID: https://orcid.org/0000-0002-3803-0227
- E-library: SPIN-код: +
Улук окутуучу Рысбеков Айдарбек Шайыковичтин ойлоп табууларынын тизмеси:
- КР патенти №713, 2003-ж. — Башкарылуучу отвалы бар бульдозер
- КР патенти №689, 2004-ж. — Чатыр плиткаларын калыптоо үчүн шнектүү пресске кошумча түзүлүш
- КР патенти №82, 2008-ж. — Транспорт каражатынын рулу
- КР патенти №1113, 2008-ж. — Гидравликалык бульдозердин жумушчу жабдуусу
- КР патенти №1236, 2010-ж. — Идиш үчүн бурама жапкыч
- КР патенти №1411, 2011-ж. — Телескопиялык түртүп туруучу брустар менен бульдозердин жумушчу жабдуусу
- КР патенти №1535, 2013-ж. — Гидравликалык бульдозердин жумушчу жабдуусу
- КР патенти №2011, 2018-ж. — Топурак свайларын тыгыздоочу түзүлүш
- КР патенти №2057, 2018-ж. — Сыпма материалдарды брикеттөө үчүн валиктүү пресс
- КР патенти №2133, 2019-ж. — Кар көчкүгө каршы курулма
- КР патенти №2240, 2021-ж. — Импульстуу суу аткыч
- КР патенти №2302, 2022-ж. — Топурак свайларын тыгыздоочу түзүлүш

