Багыттар жана профилдер
Автомобиль транспорту жана сервис» кафедрасы төмөнкү багыттар боюнча бакалаврларды даярдайт:
- 670300 «Транспорттук процесстердин технологиясы», профили
«Кыймылды уюштуруу жана коопсуздугу»; - 750500 «Курулуш», профили «Өнөр жай жана жарандык курулуш».
Квалификациясы: бакалавр
Кесиптик ишмердүүлүктүн чөйрөсү
«Кыймылды уюштуруу жана коопсуздугу» профили боюнча бакалаврдык программаны өздөштүргөн бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн чөйрөсүнө төмөнкүлөр кирет: транспорттук системаларды техникалык жана коммерциялык эксплуатациялоонун технологиясы, уюштурулушу, пландаштырылышы жана башкарылышы; логистика принциптеринин негизинде бирдиктүү транспорттук системаны түзгөн транспорт түрлөрүнүн рационалдуу өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу; транспортто кыймыл коопсуздугун камсыздоого багытталган өз ара мамилелер системасын уюштуруу.
Ошондой эле жол кыймылын уюштуруу жана коопсуздугун камсыз кылуу процесстерин ишке ашыруучу техникалык каражаттардын, ыкмалардын жана методдордун жыйындысы; транспорттук процесстердин абалын көзөмөлдөө жана аларды жакшыртууну камсыз кылуу; транспорт агымдарын сапаттуу бөлүштүрүүгө багытталган уюштуруучулук иш-чараларды жүргүзүү; жогоруда аталган процесстерди ишке ашыруучу элементтерди, аппараттарды, түзүлүштөрдү, системаларды жана алардын компоненттерин иштеп чыгуу, даярдоо жана сапатын контролдоо; жол-транспорт кырсыктарынын санын азайтуу боюнча иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле жол-транспорт кырсыктарына экспертиза жүргүзүү иштери
Кесиптик ишмердүүлүктүн чөйрөсү
750500 «Курулуш» багыты боюнча «Өнөр жай жана жарандык курулуш» профилинде бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн чөйрөсүнө төмөнкүлөр кирет:
имараттарды, жолдорду жана курулмаларды долбоорлоо, куруу, эксплуатациялоо, реконструкциялоо, баалоо жана экспертизадан өткөрүү;
курулуш объектилерин инженердик камсыздоо жана жабдуу;
курулуш үчүн зарыл болгон жаңы курулуш материалдарын, технологияларды жана жабдууларды иштеп чыгуу;
жер-мүлк комплексин эксплуатациялоо, рыноктук баасын баалоо жана башкаруу;
илимий-изилдөө жана педагогикалык ишмердүүлүк жүргүзүү.
Бүтүрүүчүлөр алган билиминин деңгээли жана өздөштүргөн компетенциялары менен кызматкердин квалификациясына коюлган талаптарга жооп берген шартта, башка кесиптик ишмердүүлүк чөйрөлөрүндө жана (же) тармактарында да иш жүргүзө алышат.

