Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Багыттар боюнча даярдоо


Бакалаврларды даярдоо программалары:

-740300 “Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы жана аны уюштуруу” багыты боюнча:

  • “Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы жана аны уюштуруу”
  • “Ресторандардагы жана мейманкана комплекстериндеги азыктардын технологиясы жана аны тейлөөнү уюштуруу”

“Мейманкана бизнеси” багыты

“Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы жана аны уюштуруу” багыты боюнча бүтүрүүчүлөр:

  • ресторандарда, кафелерде, санатория, орууканадагы ж.б. коомдук тамактануу мекемелеринде технолог жана уюштуруучу;
  • бала бакчаларда, мектептерде диетолог;
  • кулинардык азыктарды чыгаруучу ири жана чакан тамак-аш мекемелеринде технолог;
  • ар кандай коомдук тамактануу мекемелеринде мүдүр-уюштургуч;
  • ар кандай коомдук тамактануу мекемелеринде (ресторан, кафе, бар) өндүрүү башчысы;
  • ар кандай коомдук тамактануу мекемелеринде жана соода мекемелеринде коммерция боюнча ишкер (менеджер);
  • коомдук тамактануу мекемелеринин бөлүмдөрүнүн адистери жана жетекчилери;
  • коомдук тамактануу мекемелеринде жана соода мекемелеринде тамак азыктарынын адиси (товаровед);
  • коомдук тамактануу мекемелеринин тейлөө залдарында уюштуруучу (администратор);
  • коомдук тамактануу мекемелеринде калькулятор;
  • тамак-аш лабораторияларынын кызматкери;
  • ЖОЖдордун, техникумдардын, лицейлердин мугалимдери;
  • санэпидемстанцияларда, сапатын көзөмөлдөө жана стандарттоо кызматтарынын тамак-аш бөлүмүндө иштей алышат.

Мейманкана бизнеси” багыты боюнча бүтүрүүчүлөр:

  • ресторандарда, кафелерде, санатория, орууканадагы ж.б. коомдук тамактануу мекемелеринде менеджер;
  • ар кандай коомдук тамактануу мекемелеринде жана соода мекемелеринде мүдүр-менеджер;
  • соода мекемелеринде коммерция кызматкери;
  • ресторандардагы тамак-аштын жана тейлөөнү жакшыртуу боюнча жетекчи-аналитиги;
  • бизнес-технологияларын изилдөө жана ишке ашыруу боюнча менеджер болуп иштешет.

Ар жыл сайын “Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы” кафедрасынын багыттарына бюджеттик орун берилет жана барган сайын бул кафедранын бүтүрүүчүлөрү эмгек базарында суроо-талапка ээ.

МАГИСТРАТУРА 

«Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы» кафедрасы  

 740300  » Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы жана аны уюштуруу»    боюнча магистрлерди даярдайт .

740300   "Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы жана аны уюштуруу"  багыты  боюнча   жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү магистрлерди даярдоо боюнча билим берүү иш-чараларды өткөрүү үчүн мамлекеттик уруксат жана мамлекеттик лицезиясы  бар.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине караштуу мекемелердин жана аккредиттөө (тастыктоо) боюнча мамлекеттик көзөмөлгө алуу жөнүндөгү чечим, лицензия 3.06.2016g тартып LD160000373 №., (мөөнөтү 2 жыл).Окуу процессы окуу планына ылайыкташтырып түзүлгөн. Жогоруда корсотулгон багыт боюнча   бүтүрүүчүлөр  тамак-аш мекемелеринде  иштөөгө мүмкүнчүлүктөрү бар, илимий-изилдөө институттарынын, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын жана илимий иштер менен алектенүдө. Магистр даражасын окуу  ченемдик мөөнөт  программасы — 2 жыл.Окуунун болжолдуу наркы   35.700 сом.  Магистердик программаны  окууга-  жогорку билими  бар же магистрдик даражасы бар адистер гана тапшыра алат. Магистрлердин илимий –изилдөө иштери кафедранын профессор жана доценттери алып барат.