э.и.к., доцент
Билими
Кыргыз мамлекеттик улуттук университети (КМУ), жогорку билим, 1999-жыл.
Эмгек жолу
1994–2002-жж.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Математика институту.
Кызматы: лаборант, «Экономикалык-математикалык методдор» лабораториясынын изденүүчүсү.
2002–2026-жж.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Математика институту.
Кызматы: башкы бухгалтер.
2020–2026-жж.
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети.
Кызматы: доцент (кошумча иштөө боюнча).
Илимий-изилдөө жана педагогикалык ишмердүүлүгү
55тен ашуун илимий эмгектин, 12 окуу-усулдук эмгектин, 1 жеке монографиянын жана 2 жамааттык монографиянын автору.
Окуткан сабактары:
- Мамлекеттик бюджет;
- Маалыматтык менеджмент;
- Экономика илиминдеги маалыматтык системалар;
- Финансы;
- Бюджеттик эсеп;
- Стратегиялык талдоо;
- Башкаруунун маалыматтык аспектилери;
- Статистика жана башка дисциплиналар.
Сыйлыктары
- «Лидерлик үчүн» медалы – Кыргыз Республикасынын Аялдар конгресси (күбөлүгү бар).
- «Эгемендик каарманы» медалы (күбөлүк, 2023-жыл).
- «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын эмгек сиңирген кызматкери» медалы (күбөлүк, 2023-жыл).
- «Билим берүүнүн отличниги» төш белгиси (№1270, күбөлүк, 2023-жыл).
- «Ардактуу мугалим» медалы (күбөлүк, 2025-жыл).

