Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Сулайманова Б. Ж.


Сулайманова Бактыгүл Жеңишевна
кафедранын башчысы, э.и.д., профессор

Билими:

2002-2004 жылдары – Ж. Баласагын атындагы КУУ, «Экономика» багыты боюнча «Экономика магистри» квалификациясы.

2007-жылдан тартып – 08.00.05 – «Экономика жана эл чарбасын башкаруу» адистиги боюнча экономика илимдеринин кандидаты.

2019-жылдан тартып – 08.00.05 – «Экономика жана эл чарбасын башкаруу» адистиги боюнча экономика илимдеринин доктору.

2010-жылдан тартып – «Экономика» адистиги боюнча доцент.

 

Эмгек жолу:

И. Раззаков атындагы КМТУ

2023-жылдын 22-февралынан баштап - И. Раззаков атындагы КМТУнун ЭжБЖМнин «Ишканада экономика жана башкаруу» кафедрасынын башчысы.

2021-2022 жылдары – ИЭФтин деканынын илимий иштер боюнча орун басары.

2020-жылдан тартып – «ЭБМ» кафедрасынын профессору

2018-2020 - ИЭФнин «Өнөр жай экономикасы» кафедрасынын профессору;

Ж. Баласагын атындагы КУУ

2016-2018 жылдары - Экономика факультетинин «Каржы» кафедрасынын доценти

2009-2013-жылдары – КУУнун докторанты

2007-2012-жылдары – «Каржы» кафедрасынын доценти, ЭжФИтун директорунун илимий иштер боюнча орун басары

2002-2007 – АМДИнун «КИжЭ» кафедрасынын окутуучусу, улук окутуучусу;

КР УАК

2010-2011-жылдары - коомдук жана гуманитардык илимдерди аттестациялоо бөлүмүнүн башкы адиси; Эл аралык мамилелерге жооптуу;

КРПаМБA

2012-2014-жылдары - Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо институтунун доценти; Финансылык сабактары боюнча кластердин жетекчиси.

 

Илимий-изилдөө иштери:

55тен ашык илимий-методикалык эмгектердин, 2 окуу куралдын жана 1 монографиянын автору; Кыргызпатенттин 1 автордук күбөлүгүнүн ээси; Эл аралык конференцияларга жигердүү катышат. И. Раззаков атындагы КМТУнун 08.00.05 – «Экономика жана эл чарбасын башкаруу» адистиги боюнча күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүндөгү 4 аспиранттын илимий жетекчиси.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коомдук-гуманитардык илимдер боюнча эксперттик кеңешинин Төрагасы.

Кыргызстандын финансисттер жана экономисттер Ассоциациясынын мүчөсү.

 

Сыйлыктар:

1) «Евразия жумалыгы 2019» Эл аралык көргөзмө форумунда ЕАЭБ Жаш Лидер мектебинин алкагындагы бизнес оюнга активдүү катышкандыгы үчүн Сертификат. Бишкек шаары, №1 «Ала Арча» мамлекеттик резиденциясы, 25-27-сентябрь 2019-ж.;

2) И. Раззаков атындагы КМТУда өткөн кыргыз тилиндеги окуу жана илимий иштердин сынагына активдүү катышкандыгы үчүн Ыраазычылык кат. Бишкек, 2021 ж.;

3) И. Раззаков атындагы КМТУда өткөрүлгөн “Бүткүл дүйнөлүк илим жумалыгы – 2021” программасына активдүү катышкандыгы үчүн Ыраазычылык кат. Бишкек, 2021 ж.;

4) «Биздин жол – туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү: Борбордук Азиянын Туруктуу Өнүгүү Форуму – 2021» ишине жигердүү катышкандыгы жана жеке салымы үчүн Ардак грамота. Бишкек, КМТУ, 11-12-ноябрь, 2021-ж.;

5) «Жаштар илимдин, техниканын жана билим берүүнүн актуалдуу маселелерин чечүүдө» аттуу жаш окумуштуулардын, аспиранттардын, магистранттардын жана студенттердин 64-эл аралык тармактык илимий-техникалык конференциясынын ишине активдүү катышкандыгы үчүн Грамота. Бишкек, КМТУ, 24-25-март, 2022-ж.;

6) «Окумуштуу» номинациясы үчүн Диплом. «Кыргызстандын башкы аялдары ((Summer award)», 2022 ж.;

7) «Кыргыз Республикасынын акыркы экономикасы акыркы аймак онуктуруунун инвестициялык компоненти» деген темада мамлекеттик (кыргыз) тилдеги эң мыкты окуу куралы үчүн 3-даражадагы диплом. Бишкек, КМТУ, 2022 ж.;

8) «Санариптик экономика: жаңы реалдуулук» ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференциясынын катышуучусун (1-орун) даярдагандыгы үчүн илимий жетекчиге Ыраазычылык Бишкек, КРЭаУ, 01.11.2022 ж.;

9) «Кыргыз Республикасынын экономикасын инновациялык өнүктүрүүнүн актуалдуу көйгөйлөрү» тегерек столуна активдүү катышкандыгы үчүн Ыраазычылык кат. Бишкек, КМТУ им. И. Раззакова, 26-ноябрь, 2022-жыл.

 

Илимий-метрикалык маалымат базаларындагы профилдер:

1. ORCID:                                         https://orcid.org/0000-0002-6590-2318

2.Scopus Author ID:                      Sulaimanova Baktygul

3. РИНЦ AuthorID:                          SPIN-код: 6888-0436

4. Google Scholar:                          Sulaimanova Baktygul

5. Researchgate.net:                      Baktygul Sulaimanova

6. ResearcherID Web of Science: HNR-0938-2023


Телефон: 0 (312)54 57 15

Кабинет: 10/401

e-mail: bakulia_sj@kstu.kg