Байгазиев Мирбек Сагымбаевич
К. Курманалиев атындагы "Полиграфия" кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент
Билими:
2003-2008 жж. И. Раззаков атындагы КМТУнун ийгиликтүү аяктап, инженер квалификациясын алуу менен бирге "Стандартташтыруу жана тастыктоо" адистигин алган.
2018 ж. – 05.02.18 – «Механизмдер жана машиналар теориясы» адистиги боюнча техника илимдеринин кандидаты
2021-2023-жж. "Технологиялык процесстерди жана өндүрүштү автоматташтыруу" багыты боюнча магистр.
2024-жылы "Машина куруу" адистиги боюнча доцент илимий наамы ыйгарылган (УАК).
Эмгек-иш аракети: 2008-2018 жж. – Улуттук илимдер академиясына караштуу “Машина таануу” институтунда "Динамикалык сокку системдер" лабораториясында улук лаборант, андан кийин инженер болуп эмгек жолун баштаган. 2009-2014 жж. – И.Раззаков атындагы КМТУнун "Метрология жана стандартташтыруу" кафедрасында окутуучулук кызматты айкалыштырып иштеп келген. 2014-2016 жж. – И.Раззаков атындагы КМТУнун “Унаа жана машина куруу” факультетинин тарбиялык иштер боюнча декандын орун басары болуп эмгектенген. 2014-2018 жж. – И.Раззаков атындагы КМТУнун "Метрология жана стандартташтыруу" кафедрасында улук окутуучу болуп эмгектенген. 2018-2019 жж. – И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институнда улук окутуучу жана доцент кызматында иштеген. 2018-2020 жж. – И.Раззаков атындагы КМТУнун "Метрология жана стандартташтыруу" кафедрасынын доценти. 2020 ж. сентябрнан К. Курманалиев атындагы «Полиграфия», кафедрасынын доценти болуп иштеп келүүдө. 2019-2022-жж. - И.Раззаков атындагы КМТУнун "Жаш окумуштуулар жана адистер кеңешинин" Төрагасы. 2024-жылдын сентябрынан тартып И.Раззаков атындагы КМТУнун "Полиграфия" кафедрасынын башчысы. Илимий иштери: 30дан ашык илимий иштер жарыяланган, анын ичинде РИНЦтин илимий басылмаларын индекстөө базасына кирген эл аралык журналдарда 5 макала жана КР МАК тарабынан сунушталган басылмалардын тизмесине кирген 15 макала, КРнын 5 патенти алынган. МЕТОДИКАЛЫК ИШ. 28ден ашык усулдук эмгектер, анын ичинде окутулуп жаткан дисциплиналар боюнча 1 окуу куралы жарык көргөн. Сыйлыктары: 2014-ж. – "Роза Отунбаева демилгеси" фондунун II эл аралык Билим берүү майрамына коомдук ишине жигердүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык каты менен сыйланган. 2014-ж. – И. Раззаков атындагы КМТУнин "Мугалимдер күнү" жана "Университеттин күнү" майрамдоонун урматына карата жаштарды тарбиялоо ишинде чоң салым кошкондугу үчүн, жана университеттин жашоосуна активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык каты менен сыйланган. 2015-ж. – Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновацилык ардак грамотасы менен сыйланган. 2016-ж. – "Акыл Тирек" сыйлыгынын жеңүүчүсү. Ал изилдөөлөр прогрессивдүү идеялар үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары арасында IV эл аралык "Акыл Тирек" конкурсуна катышып, жеңүүчү аталган. 2016-ж. – И. Раззаков атындагы КМТУнун мыкты окутуучусу номинациясында жеңүүчү болуп, грамота менен сыйланган. 2017-ж. – И. Раззаков атындагы КМТУнун ардак грамотасы менен сыйланган. 2019-ж. – И. Раззаков атындагы КМТУтте билим берүү, эл аралык ишкердик жолугушууларды уюштурууну жана университеттин 65-жылдык маарекесине чоң салым кошкондугу үчүн ыраазычылык каты менен сыйланган. 2020-жылы И.Раззаков атындагы КМТУнун "Санариптик доордогу илим, техника жана инженердик билим берүү: идеялар жана чечимдер" аттуу 62-эл аралык тармактык илимий-техникалык конференциясын уюштурууга жана өткөрүүгө жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык каты менен сыйланган. 2020-жыл Университеттин илимий турмушуна активдүү катышкандыгы, ак ниет эмгеги, эмгек ишмердүүлүгүндөгү жетишкен ийгиликтери жана өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык кат менен сыйланган. 2020 – жылы Республикалык Олимпиаданы жана эл аралык Ойлоп табуучулар күнүн өткөрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы интеллектуалдык менчик боюнча "Келечек жаратманы" ЖЧКсынын жогорку класстарынын окуучулары үчүн алкыш каты менен сыйланган. 2021-ж. Борбордук Азия туруктуу өнүктүрүү форумунун ишине активдүү катышкандыгы жана жеке салымы үчүн Ардак грамота менен сыйланган. 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын "Келечек жаратмандары" интеллектуалдык менчик боюнча жогорку класстын окуучулары үчүн республикалык Олимпиаданы өткөрүүгө жана катышуучулардын техникалык-чыгармачылык иштерин баалоого кошкон зор салымы үчүн терең ыраазычылыгын билдирүү менен бирге алкыш каты менен сыйланган. 2024 - жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. |