Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Материалдык-техникалык база


Кафедранын материалдык-техникалык жактан камсыздануусу

   

Билим берүү программаларынын максаттарына жетүү үчүн кафедра лабораториялык жана окуу бөлмөлөрү менен камсыздалган жана алар билим берүү процессине зарыл болгон жабдуулар менен жабдылган.

Агымдык лекцияларды өткөрүү үчүн 9/233 лекциялык аудиториялары каралган. Топтук лекцияларды жана практикалык (семинардык) сабактарды өткөрүүчү аудиториялар атайын стенддер жана макеттер менен жабдылган. Аудиториялар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн жана мультимедиялык проекторлор жана маркер такталары менен жабдылган.

Маалыматтык технологиялар боюнча окутуу кафедранын 8/318 компьютердик классында жүргүзүлөт, ал заманбап компьютерлер менен жабдылган жана жетиштүү көлөмдө эмерек менен камсыздалган.

Компьютерлер билим берүү процессине керектүү программалык камсыздоо менен жабдылган. Бардык компьютерлер университеттин жергиликтүү тармагына жана интернетке туташтырылган.

Материалдык-техникалык база мүмкүн болушунча жаңыртылып жана өркүндөтүлүп турат. Кафедранын бөлмөлөрү жыл сайын оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кеңсе техникалары жана компьютердик класстар үчүн жабдуулар сатып алынат.

Кафедранын жабдуулары

Материалдык-техникалык база боюнча документтер