Жумуш берүүчүлөр менен конок лекциялары

Иш берүүчүлөр менен конок лекциялары

Конок лекциялар

   2022-жылдын 15-апрелинде кафедра тарабынан ЭМИнун студенттери үчүн «Мамлекеттин коррупцияга каршы саясатын калыптандыруу» темасында конок лекциясы уюштурулду. Лектор катары чакырылган Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын мамлекеттик кызматтын стратегиялык өнүгүүсүн жана тобокелдиктерди баалоо башкармалыгынын башчысы, экономика илимдеринин доктору, профессор Саякбаев Т.Ж. болду.

2023-жылдын 11-апрелинде ЭБЖМ тарабынан ЖАК "ЭкоИсламикБанк" менен конок лекциясы уюштурулду.

ЖАК "ЭкоИсламикБанк" өкүлдөрү экономика багытындагы студенттер үчүн "Коммерциялык банктардын операциялары" темасында лекция өтүштү.

Лекцияны маркетинг бөлүмүнүн сатуу секторунун башчысы Инжамбилова Мээрим Абдилхашимовна жана шариат бөлүмүнүн башчысы Гаджиев Абдулмаджид Ахмедгаджиевич өтүштү. Конок лекциясына ЭБЖМдин директору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Сыдыкова Ч.К., окутуучулар жана ЭБЖМдин үчүнчү курсунун студенттери катышты.

Лекциянын жүрүшүндө Мээрим Абдилхашимовна коммерциялык банктардын түзүлүү тарыхы, өнүгүүсү жана негизги операциялары тууралуу айтып, ЖАК"ЭкоИсламикБанк" ​​​​​​​ мисалында түшүндүрүп берди. Ошондой эле, банктын кызматкерлеринин банктардын өнүгүшүндөгү жана банктык кызматтарды жайылтуудагы ролу баса белгиленди.

Өз кезегинде Абдулмаджид Ахмедгаджиевич исламдык каржылоонун өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, ар бир банктык операция боюнча мисалдарды келтирди.

Лекция учурунда банк ишмердүүлүгүнө байланыштуу суроолор активдүү талкууланып, студенттерге банк операцияларынын жүрүшүн жана банк секторунда жаңы технологияларды киргизүүнүн зарылдыгын жакшыраак түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

ЖАК"ЭкоИсламикБанк" ​​​​​​​ тарабынан активдүү катышкан студенттерге белектер берилди.

Ошондой эле, ЖАК "ЭкоИсламикБанк" менен ЭБЖМ ортосунда мындан аркы кызматташтык боюнча макулдашууга жетишилди.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар