Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Талапкерге


Жер астындагы суулар — жердин гидросферасынын бир бөлүгү, ал жер алдындагы тоо тектеринин көңдөйүндө жайгашкан сууларды камтыйт. Жер астындагы суулар эң баалуу минералдык ресурс болуп саналат. Гидрогеологдор калкты зарыл көлөмдөгү суу менен кантип камсыз кылууну чечишет, ошол эле учурда айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине баа беришет. Кооптуу жаратылыш процесстеринин олуттуу бөлүгү суу ресурстарынын, атап айтканда, жер астындагы сууларга байланыштуу. Ошондуктан бул баалуу ресурсту изилдөө жана натыйжалуу пайдалануу адамдардын жашоосу жана жаратылыш үчүн өтө маанилүү.

«Суу, мунайгаз ресурстары жана геотобокелдиктер» кафедрасы – КМТУнун, «Колдонмо геология» жана «Мунайгаз иши» багыттары боюнча жогорку квалификациялуу адистерди - инженерлерди, бакалаврларды, магистрлерди, аспиранттарды жана PhD докторлорун, окутуунун күндүзгү жана сырттан окуу формаларында даярдоо үчүн бардык зарыл шарттарга ээ, динамикалуу өнүгүп келе жаткан илим-билим берүүчү бөлүгү.

Окутуунун программалары жөнүндө

Суу, мунайгаз ресурстары жана геотобокелдиктер кафедрасында окутуу инженердик-геологиялык дисциплиналар блогун, ошондой эле инженердик-геология, гидрогеология, геология, мунайгаз иши боюнча прикладдык курстарды камтыйт.

Окуу процесси төмөнкү бөлүктөрдөн турат:

- Жалпы дисциплиналар (математика, физика, химия ж.б.);
- Жалпы геологиялык дисциплиналар (жалпы геология, минералогия, петрография, геофизика ж. б.);
- Атайын дисциплиналар (гидрогеология, инженердик геология, мунай жана газ геологиясы, жер астындагы сууларды, термоминералдык сууларды издөө жана чалгындоо, мунай жана газдын гидрогеологиясы, гидрогеоэкология, мелиоративдик гидрогеология, географиялык маалыматтык системалар, гидрогеологиялык моделдөө, мунайгаз скважиналарын бургулоо,  мунайгаз кендерин иштетүүнүн технологиялары, мунайгазды жыйноо, ташуу технологиялары ж.б.),
Практикалар

Студенттер 1- жана 2-курстардан кийин Кегети капчыгайындагы жана Кажы-Сай шаарчасына жакын жайгашкан университеттин базаларында жайкы геологиялык-геодезиялык практикадан өтүшөт, ал эми 3- жана 4-курстарды аяктагандан кийин М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети жана Урал мамлекеттик тоо-кен университеттери менен алмашуу практика (мобилдүүлүк) боюнча кызматташуу келишимине ылайык, Москва жана Екатеринбург шаарларына барып, бул университеттердин полигондорунда практикадан өтүшөт, ал жердеги заманбап техникалар жана заманбап изилдөө технологиялары менен таанышышат.

Бул программанын студенттери жер астындагы сууларды издөөнүн ыкмаларын жана технологияларын, ошондой эле геотехникалык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Негизги көңүл геология тармагында иштөөнүн практикалык аспектилерине, ошондой эле заманбап жабдуулар жана компьютердик программалар, геологиялык чөйрөлөрдү моделдөөнүн акыркы программалык системалары жана бул тармакта ийгиликтүү иштөө үчүн зарыл болгон гидрогеологиялык процесстер менен иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө бурулат.

Мунайгаз багытындагы адистиктерге даярданышкан студенттер практикаларын Кыргызстандагы ири өнөр-жай ишканасы "Кыргызмунайгаз" ААК  жана башка мамлектеттик жана жеке ишканаларда өтүшөт. 

Суу, мунайгаз ресурстары жана геотобокелдиктер кафедрасында ээ боло турган кесиптер жөнүндө

Гидрогеолог – жер астындагы суулардын пайда болушун, жайгашуусун жана кыймылын изилдөөчү геология боюнча адис. Гидрогеологдор ар кандай гидрогеологиялык шарттардагы таза (ичилүүчү), термалдык жана минералдык жер астындагы сууларды изилдеп, алардын көлөмүн, калктын жана өндүрүштүн керектөөлөрү үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн аныкташат. Гидрогеологдор төмөнкүдөй багыттар боюнча иштешет: мелиоративдик гидрогеология, нефть жана өнөр жай гидрогеологиясы, экологиялык гидрогеология, инженердик гидрогеология, суу ресурстарын башкаруунун татаал проблемаларын чечуу.

Инженер-геолог – жер кыртышынын геологиялык өзгөчөлүктөрүн жана алардын курулушка, геотехникалык долбоорлорго жана айлана-чөйрөнү коргоого тийгизген таасирин изилдөөчү адис. Инженер-геологдун негизги милдети – геологиялык тобокелдиктерге (табыйгый кырсыктарга) баа берүү жана инфраструктураны, имараттарды, жолдорду курууда, ошондой эле тоо-кен иштерин жүргүзүүдө коопсуздукту камсыздоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу. Алардын иши геологиялык факторлор менен байланышкан кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жардам берет жана шаарлардын жана инфраструктуранын туруктуулугун камсыз кылат.

Чалгындоочу геолог – пайдалуу кендерди табуу, жаратылыш ресурстарын баалоо жана геологиялык процесстерди изилдөө боюнча геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү менен алектенген мунай жана газ геологиясы тармагындагы адис. Геологдун негизги милдети – геологиялык маалыматтарды чогултуу, талдоо жана интерпретациялоо, анын негизинде тоо тектердин геологиялык түзүлүшү жана курамы жөнүндө корутундулар чыгаруу.

Мунайгаз технологу - мунайгаз кендерин иштетүүнү уюштуруу, кендерди өздөштүрүү үчүн эффективдүү жабдууларды жана технологияларын колдонуу, сырьену ташуу, сактоо сыяктуу сапатка ээ адис. 

Гидрогеология жана инженердик геология тармагындагы адис төмөнкү сапатарга ээ болуусу керек:

- аймакка гидрогеологиялык жана инженердик-геологиялык баа берүүнү жүргүзүү;
- ар кандай инженердик курулуштарды куруу долбоорлорун негиздөө үчүн гидрогеологиялык жана инженердик-геологиялык изилдөөлөр;
- жер астындагы сууларга жана маанилүү эл чарба объектилерине (атомдук электр станциялары, гидротехникалык курулуштар, мунайгаз ташуучу объекттер ж.б.) мониторинг системасын түзүү;
- терс экзогендик геологиялык процесстердин (сел, жер көчкү, кар көчкү, суу ташкыны ж.б.) өнүгүшүн болжолдоо жана аларды эртерээк эскертүү боюнча чараларды иштеп чыгуу;
- комплекстуу эл чарба объектилеринин иштешин көзөмөлдөө, прогноздоону жана башкарууну ишке ашырат.

"Суу, мунайгаз ресурстары жана геотобокелдиктер" кафедрасында жүргүзүлүүчүү окуу программаларын аяктагандан кийинки карьера

Мунай жана газ өндүрүү ишканаларында, илимий-аналитикалык борборлордо жана илимий-изилдөө институттарында жогорку квалификациядагы адистер ар дайым талап кылынат. Кафедранын бүтүрүүчүлөрү суроо-талапка ээ жана курулушка тиешелүү ишканаларда, инженердик изилдөө жана долбоорлоо менен алектенген компанияларда ийгиликтүү иштешип, «жер астындагы суулар жана курулуш» тармагындагы көйгөйлөрдүн кеңири спектрин чечүүдө. Бүтүрүүчүлөрдүн адистиги боюнча жумушка орношуу көрсөткүчү акыркы беш жылдыкты эске алганда өтө жогорку деңгээлде - 80-90%.

Биздин бүтүрүүчүлөр административдик жана башкаруу жаатында да ийгиликтүү эмгектенишип - институттардын директорлорунун, лабораториялардын башчыларынын, инженерлердин, окумуштуулардын, геллогиялык партиялардын жетекчилеринин кызматтарын ээлешет.