Улук окутуучу
Билими:
- 1979-ж. Техникалык училище (Фрунзе шаары), адистиги – Колонкалоо казуу боюнча бур мастер.
- 1988-ж. Фрунзе политехникалык институту, адистиги – Тоо-кен инженери-технолог.
Иш тажрыйбасы:
Педагогикалык ишмердүүлүгүнөн бери У. Асаналиев атындагы Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институтунда эмгектенет. Эмгек жолу учурунда квалификациялуу мугалим жана жаш адистерди тарбиялоочу тажрыйбалуу наставник катары өзүн көрсөттү. Тоо-кен дисциплиналары боюнча лекция окуйт, илимий-методикалык жана окуу иштерин жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын тоо-кен өнөр жайы үчүн кадрларды даярдоого активдүү катышат. Анын жетекчилиги алдында өлкөнүн ири ишканалары, мисалы, ОсОО «Алтынкен», АО «Кумтор», АО «Кыргызалтын» жана башка ишканалар үчүн жумушчу жана инженердик кадрлар даярдалган.
Сыйлыктары жана наамдары:
Тоо-кен билим берүүнү өнүктүрүүгө жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого кошкон зор салымы үчүн Маширов Д.А. төмөнкү сыйлыктар менен сыйланган:
- Кыргыз Республикасынын Тоо-металлургия профсоюзунун Борбордук комитетинин Ардак грамотаcы;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан ыйгарылган «Ардактуу тоо-кенчи» наамы.
Окутуучу предметтери:
-Основы горного дела 2
-Вентиляция шахт
-Аэрология горных предприятий

