Жылуулук, газ менен камсыздоо жана желдетүү кафедрасы күндүзгү жана дистанттык окууда төмөнкү багыттар жана профилдер боюнча жогорку квалификациялуу бүтүрүүчүлөрдү даярдайт:
Багыты
Профилдери
750500 - Курулуш (Бакалавриат)
Жылуулук, газ менен камсыздоо жана желдетүү
Жылуулук, газ менен камсыздоо, желдетүү жана жашыл технологиялар
750500 - Курулуш (Магистратура)
Жаңылануучу энергия жана имараттардын энергия натыйжалуулугу
Калктуу конуштарды жана ишканаларды жылуулук, газ менен камсыздоо
750500 - Курулуш багыты
Имараттар: Энергия натыйжалуулук, энергияны үнөмдөөчү архитектура, климаттын өзгөрүшү
ЖРТнын жыйынтыгы боюнча абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу https://2020.edu.gov.kg/ сайтындагы “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт.
Бакалаврдын бардык программаларына (күндүзгү жана сырттан окуу) кабыл алуу Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
Сиздерди биздин Жылуулук, газ менен камсыздоо жана желдетүү кафедрасында күтөбүз! Бизге кошулуңуз жана жылуулук, газ менен камсыздоо жана кондиционерлөө тармагында карьерасын ийгиликтүү куруп жаткан адистердин командасына кошулуңуз!
Керектүү документтер:
1. Орто билими тууралуу документ;
2. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы
3. 3х4 өлчөмүндөгү 6 фотосүрөт;
4. Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
5. Аскердик билетти же каттоо күбөлүгүн жеке өзү көрсөтүү керек.
МАГИСТРАТУРАДА ОКУУ
• окуунун гранттык (бюджеттик) формасы («Курулуш» багыты боюнча бөлүнгөн гранттык орундардын негизинде);
• окутуунун контракттык формасы (окутуунун бардык багыттары боюнча окуу жылынын прейскурантына ылайык);
• чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде КМШнын жарандары келишимдик негизде кабыл алынат.
МАГИСТРАТУРАДА ОКУУНУН ШАРТТАРЫ:
• Күндүзгү окуу 2 жыл;
• Сырттан окуу ДОТ аркылуу 2,5 жыл.
Магистратурага кабыл алуу "адис" же "бакалавр" академиялык даражасын ыйгаруу менен ырасталган, тиешелүү тармак боюнча негизги жогорку билимдин негизинде жүргүзүлөт.