Исабеков Тилек Асанакунович

т.и.д. профессор.

Илимий наамдары: «Мелиорация» адистиги боюнча доцент (2010); Россиянын Табигый илимдер академиясынын (РАЕ) техника илимдери боюнча профессору (2024).

Ардактуу наамы: Россиянын Табигый илимдер академиясынын (РАЕ) «Илимдин жана билим берүүнүн эмгек сиңирген ишмери» ардактуу наамы, 2024-жыл.

Туулган күнү: 1966-жылдын 20-марты.

Билими

1984–1989-жылдары К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунда «Гидромелиорация» адистиги боюнча билим алган жана инженер-гидротехник квалификациясына ээ болгон.

1995–1999-жылдары Башкаруу жана укук институтунда «Юриспруденция» адистиги боюнча билим алган.

2002–2005-жылдары К. И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинде «Мелиорация, жерлерди рекультивациялоо жана коргоо» багыты боюнча аспирантурада окуган.

2009–2014-жылдары Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде «Кургактыктын гидрологиясы, суу ресурстары, гидрохимия жана гидротехникалык курулуш» багыты боюнча күндүзгү докторантурада билим алган.

Эмгек ишмердүүлүгү

1989–1991-жылдары Нарын шаарындагы Тянь-Шань райондук суу чарба башкармалыгында I категориядагы инженер болуп иштеген.

1991–1993-жылдары Нарын облустук суу чарба башкармалыгынын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.

1993–1995-жылдары «Осмон-Ата» жоопкерчилиги чектелген коомунда директордун орун басары болуп иштеген.

1995–1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинде башкы инспектор жана бажы постунун начальниги кызматтарында иштеген.

1999–2006-жылдары Чүй мамлекеттик бассейндик суу чарба башкармалыгына караштуу Чумыш гидротүйүнүнүн жана Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычтарынын мамлекеттик башкармалыгында башкы инженер жана жетекчи болуп иштеген.

2006–2008-жылдары Чүй мамлекеттик бассейндик суу чарба башкармалыгынын негизги каналдар жана суу сактагычтар бөлүмүн жетектеген.

2008–2010-жылдары Суу чарба департаментине караштуу «Чүй жана Талас» суу чарба комиссиясынын катчылыгын жетектеген.

2010–2011-жылдары Кыргыз Республикасынын суу чарбасы жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетине караштуу «Таза суу» долбоорлорун башкаруу бириккен бөлүмүнүн директору, ошондой эле Ирригация илим-изилдөө институтунун директору болуп иштеген.

2012–2013-жылдары «Чүй жана Талас» суу чарба комиссиясынын катчылыгын кайрадан жетектеген.

2013–2016-жылдары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директорунун биринчи орун басары кызматын аркалаган.

2016–2018-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунда директордун милдетин аткаруучу жана башкы илимий кызматкер болуп иштеген.

2015–2019-жылдары Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин гидротехникалык курулуш жана суу ресурстары кафедрасында доцент болуп иштеген.

2019–2025-жылдары аталган университеттин суу ресурстары жана инженердик дисциплиналар кафедрасында профессор кызматын аркалаган.

2025-жылдын апрель айынан октябрь айына чейин С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору болуп иштеген. 2025-жылдын октябрь айынан тартып ушул эле университетте профессор болуп эмгектенет.

Эл аралык уюмдардагы иш тажрыйбасы

2008–2010-жылдары Азия өнүктүрүү банкынын RETA-6486 «Борбордук Азияда суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу» долбоорунда институционалдык маселелер боюнча эксперт болуп иштеген.

2009–2010-жылдары Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) «Чүй жана Талас дарыялары боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү (Чүй-Талас II)» долбоорунун улуттук координатору болгон.

2012–2013-жылдары Азия өнүктүрүү банкынын RETA-6486 долбоорунда суу ресурстары боюнча эксперт болуп иштеген.

2018-жылы Дүйнөлүк банктын «Борбордук Азиядагы билим алмашуу тармагы» программасына эксперт катары катышкан.

Тағылымдамалар жана квалификацияны жогорулатуу

2000-жылы АКШнын Калифорния штатындагы Фресно шаарында жайгашкан Калифорния университетинде окуудан өткөн.

2007-жылы Израилдин Эл аралык кызматташтык борборунда суу ресурстарын башкаруу жана айыл чарбасында сууну үнөмдөөчү технологиялар боюнча квалификациясын жогорулаткан.

Илимий изилдөөлөрүнүн багыттары

Илимий изилдөөлөрүнүн негизги багыттары суу бөлүштүрүүчү курулмаларды өркүндөтүү жана мамлекеттер аралык пайдалануудагы объекттерде суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу маселелерин камтыйт.

Сыйлыктары жана жетишкендиктери

2002-жылы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана суу чарба министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

2012-жылы «Кыргыз Республикасынын суу чарбасынын отличниги» наамына ээ болгон.

2014-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.

2015-жылы Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган жана «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын отличниги» наамына ээ болгон.

2024-жылы Россиянын Табигый илимдер академиясынын (РАЕ) «Илимдин жана билим берүүнүн эмгек сиңирген ишмери» ардактуу наамына татыктуу болгон. Күбөлүк № 1264, 2024-жылдын 13-декабры.

Илимий эмгектери

2 монографиянын, 1 ойлоп табууга берилген патенттин, 2 автордук күбөлүктүн, 45 илимий эмгектин жана жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн 4 илимий-методикалык окуу куралынын автору.

Байланыш маалыматтары

Уюлдук телефондору: +996 701 393967; +996 772 040451.

Электрондук почта: t.isabekov1966@gmail.com


Приёмная: 0312 54 56 64

Кабинет: 10 корпус 412 кабинет

e-mail: t.isabekov1966@gmail.com

Моб. тел.: +996-(701)-393-967

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар