Дуулатов Элдияр Сапарбеквич
«Геодезия жана геоинформатика» кафедрасынын доценти
Билими:
2019-ж. – Кытай Илимдер академиясынын университети, Кытай Илимдер академиясынын Синьцзян экология жана география институту – Картография жана ГИС багыты боюнча философия доктору (PhD).
2013-ж. – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, География, экология жана туризм факультети – География боюнча магистр (MSc).
2011-ж. – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – География боюнча бакалавр (BSc).
Кесиптик тажрыйба
Мичиган мамлекеттик университети – Глобалдык өзгөрүүлөр жана Жерди байкоо борбору, Ист-Лансинг, АКШ
Фулбрайт программасынын чакырылган илимий кызматкери | сентябрь 2024 – июнь 2025
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геология институту – Бишкек, Кыргызстан
География бөлүмүнүн башчысы | февраль 2024 – азыркы убакытка чейин
Илимий катчынын м.а. | июнь 2023 – январь 2024
Директордун м.а. | март 2022 – февраль 2023
Улук илимий кызматкер | сентябрь 2023 – январь 2024
Илимий кызматкер | июль 2019 – август 2023
Инженер | февраль 2014 – июнь 2019
Борбордук Азиядагы экология жана айлана-чөйрө борбору – Бишкек
Илимий кызматкер (кошумча иш) | сентябрь 2021 – февраль 2024
Туризм академиясынын колледжи – Бишкек
Декандын орун басары (кошумча иш) | февраль – апрель 2021
Окутуучулук ишмердүүлүк
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – Бишкек
Доцент (кошумча иш) | сентябрь 2025 – азыркы убакытка чейин
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – Бишкек
Доцент (кошумча иш) | сентябрь 2025 – азыркы убакытка чейин
Борбордук Азиядагы Америка университети – Бишкек
Доцент (кошумча иш) | сентябрь 2023 – июнь 2024
Эл аралык медициналык университет – Бишкек
Доцент (кошумча иш) | сентябрь 2021 – июль 2023
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – Бишкек
Улук окутуучу (кошумча иш) | сентябрь 2020 – июль 2023
Квалификацияны жогорулатуу жана семинарлар
15-апрель 2025 – Телекаплинг жана метакаплинг глобалдык туруктуулук үчүн, Роли, АКШ.
3–6-декабрь 2024 – Фулбрайт стипендиаттарынын семинары, Кливленд, АКШ.
21-май – 9-июнь 2023 – Табигый кырсыктарды башкаруу жана дистанциялык зонддоо, Шэньчжэнь, Кытай.
15–26-ноябрь 2021 – Борбордук жана Батыш Азиядагы экологиялык мониторинг боюнча онлайн-воркшоп.
10–30-ноябрь 2018 – Геология жана минералдык ресурстар боюнча окуу семинары, Үрүмчү, Кытай.
Баяндамалар
14-апрель 2025 – IALE North America 2025 – постердик баяндама: Кыргызстандагы жер көчкү коркунучун машиналык окутуу ыкмалары менен баалоо, Роли, АКШ.
2-май 2025 – GEO MSU – Quidders Talk: Кыргызстандагы жер көчкү коркунучунун мүнөздөмөсү, Ист-Лансинг, АКШ.
7-март 2025 – CARIN Research Webinar #22: Өзгөчө кырдаалдардын тобокелдигин азайтуу үчүн ML негизинде жер көчкүгө жакындыкты баалоо, Ист-Лансинг, АКШ.
Сыйлыктар жана стипендиялар
Апрель 2025 – NASA-MSU гранты, IALE North America, АКШ.
Июнь 2024 – Фулбрайт программасынын стипендиясы, АКШ Мамлекеттик департаменти.
Ноябрь 2024 – «2024-жылдын мыкты жаш окумуштуусу», КР Билим берүү жана илим министрлиги.
Ноябрь 2022 – «2022-жылдын мыкты жаш окумуштуусу», КР Улуттук илимдер академиясы.
Ноябрь 2021 – КР Улуттук илимдер академиясынын Ардак грамотасы.
Ноябрь 2019 – Web of Science базасында индекстелген мыкты макала, КР Улуттук илимдер академиясы.
Февраль 2018 – Синьцзян бөлүмүнүн мыкты чет өлкөлүк аспиранты.
Май 2016 – Кытай Илимдер академиясынын университетинин (UCAS) стипендиясы.
Редакциялык жана рецензиялык ишмердүүлүк
Рецензент: CATENA, Sustainability, Agriculture, Land, Atmosphere, ISWCR, Environmental Monitoring & Assessment, Grassroots Journal of Natural Resources.
Редколлегия мүчөсү: Grassroots Journal of Natural Resources.
Кесиптик уюмдар
Америкалык геофизикалык союз мүчөсү.
Кыргыз географиялык коомунун мүчөсү.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун Илимий кеңешинин мүчөсү (2022-ж. тартып).
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Илимий-техникалык кеңешинин мүчөсү (2022–2024-жж.).
Көндүмдөр жана компетенциялар
ГИС жана ДЗЗ: ArcGIS Pro, QGIS, ENVI, ERDAS
Программалоо жана моделдөө: Python, R, Google Earth Engine
Тилдер
Кыргыз тили – эне тили
Орус тили – эркин
Англис тили – жогорку деңгээл
Кытай тили – орто деңгээл

