"Геодезия жана геоинформатика" кафедрасынын башчысы
Билими:
2010–2015-жж. – Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Курулуш-технологиялык факультети, «Колдонмо геодезия» адистиги боюнча инженер.
2015–2016-жж. – Белосток технологиялык университети, Курулуш-технологиялык факультети, Белосток ш., Польша, Erasmus+ программасы боюнча магистратура.
2015–2016-жж. – Кытай Илимдер академиясынын Синьцзян экология жана география институту, Үрүмчү ш., Кытай, EcoCAR долбоору боюнча магистратура.
2015–2017-жж. – Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Магистратура, аспирантура жана докторантура бөлүмү, 620100 – Геодезия жана дистанциялык зонддоо багыты боюнча магистр.
2018–2019-жж. – Парис Лодрон атындагы Зальцбург университети, Геоинформатика боюнча факультеттер аралык кафедра (Z_GIS), Зальцбург ш., Австрия, геодезия жана геоинформатика боюнча PhD докторантура курстары, Erasmus+ программасы.
2017–2021-жж. – Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Магистратура, аспирантура жана докторантура бөлүмү, 05.23.11 – Автомобиль жолдорун, метрополитендерди, аэродромдорду, көпүрөлөрдү жана транспорттук тоннелдерди долбоорлоо жана куруу адистиги боюнча аспирантура.
2018, 2019, 2022-жж. – Зальцбург университетинин Геоинформатика борбору (Z_GIS), Австрия, квалификацияны жогорулатуу.
Эмгек жолу:
2022-ж. азыркы убакытка чейин – «Геодезия жана геоинформатика» кафедрасынын улук окутуучусу, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети.
2020–2022-жж. – «Геодезия жана геоинформатика» кафедрасынын улук окутуучусу, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети.
2015–2020-жж. – «Геодезия жана геоинформатика» кафедрасынын окутуучусу, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети.
2016–2018-жж. – «КыргызГеоТех» ЖЧКсында инженер-геодезист, Бишкек ш. (кошумча иш).
2017-ж. – «УГАСК» ЖЧКсында инженер-геодезист.
2015-ж. – «Геодезия жана геоинформатика» кафедрасынын лаборатория башчысы, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети.
2013–2015-жж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун геоэкологиялык мониторинг бөлүмүндө инженер-геодезист.
2013-ж. – Борбордук Азиянын Аймактык экологиялык борборунда (РЭЦЦА) ГИС адиси.
Илимий-изилдөө ишмердүүлүгү:
30дан ашык илимий-методикалык эмгектин автору, анын ичинде Scopus жана Web of Science маалымат базаларында индекстелген 2 илимий макала, 2 окуу куралы.
Мамлекеттик жана эл аралык долбоорлорго катышуусу:
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Европа Биримдигинин Erasmus+ программасынын, Фольксваген фондунун, USAID, GIZ уюмдарынын долбоорлоруна катышкан.
Erasmus+ алкагындагы «Армения жана Кыргызстанда геоинформациялык технологиялар тармагында пәнаралык магистрдик программаларды өнүктүрүү жана изилдөө тармактарын чыңдоо / GeoTAK» (2021–2024-жж.) долбоорунун катышуучусу.
VolkswagenStiftung фондунун «Борбордук Азиядагы Тарим (Синьцзян/Кытай) жана Нарын (Кыргызстан) дарыяларынын жайылмаларын туруктуу башкаруу үчүн экосистемаларды баалоо жана потенциалды жогорулатуу / EcoCAR» (2014–2017-жж.) долбооруна катышкан.
Eurasia-Pacific UNINET OeAD / EPU DECCA – «Борбордук Азия үчүн Санарип Жер компетенциялары» (2021–2022-жж.) долбоорунун алкагында кызматташкан.
2014-ж. – «Сорос-Кыргызстан» фонду жана Young Active фонду тарабынан ишке ашырылган «Бишкек көчөлөрү» долбооруна катышкан.
Борбордук Азиянын Аймактык экологиялык борборунун (РЭЦЦА) Ысык-Көлдүн айланасында жайгашкан жайыттарды санариптештирүү боюнча экологиялык долбооруна катышкан жана башка жогорку билим берүү жана изилдөө программаларына тартылган.
Сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик картографиясынын ардактуу геодезисти медали, 2023-ж.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Ардак грамотасы, 2023-ж.
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Ыраазычылык каты (2022-ж.).
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын Ардак грамотасы (2021-ж.).
ИСЭМ (2015-ж.), ИСиТ (2019-ж.), Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Ардак грамоталары.
Илимий маалымат базаларындагы профилдери:
ScopusID: 57222314862;
Google Scholar: Nursultan Ismailov;
ResearcherID Web of Science: GYD-3717-2022;
РИНЦ: AuthorID: 958809;
ResearchGate: Nursultan Ismailov

