Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Кафедранын тарыхы


И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин (КМТУ) карамагындагы Кыргыз-Герман Техникалык Институтунун(КГТИ) немис тили борбору

Немис тили борбору 2014-жылы КГТИнин алдында негизделген.Азыркы убакытта, биздин борбор окутуунун усулдары боюнча,окуу процесстерин уюштуруу боюнча ошондой эле окуу мүмкүнчүлуктөрү,окуу материалдары боюнча Кыргызстандагы заманбап окутуу борборлорунун бири болуп саналат.

Немис тили борборунун негизделишинин натыйжасында студенттердин немис тили боюнча билими жогорулап,Германиянын Жогорку Окуу Жайларындагы(ЖОЖ) окуу программаларына катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлду.

КГТИ немис университеттери менен тыгыз  жана өнөктөштүк мамиледе.ДААД долбоорунун алкагында Берлиндеги Бойт атындагы жана Кельндогу колдонмо илимдеринин университеттери менен мамилелер сакталып келе жатат.

Жыл сайын студенттер жана окутууучулар үчүн ушул долбоор аркылуу жайкы мектеп жана семестрдик изилдөөлөр үчүн стипендия каралат.    

КГТИнин студенттери немис профессорлорунун лекцияларына жана семинарларына такай катыша алышат.

КГТИде түзулөн ДААДнин координациялык борбору,аталган борбордун ДААД лектору Дагни Вольф студенттер жана профессорлук-окутуучулук курамы үчүн каралган  стипендиялар жөнүндө маалымат берип,аңгемелешуу аркылуу талапкерлерди тандап алуу иштерин жүргүзөт.

Жыл сайын 2016-жылдын апрель айынан баштап “Немис тили жана техника” аттуу Эл аралык техникалык конференция өтүлөт. Анда Германиянын,Казахстандын,Украинанын Техникалык ЖОЖдорунун студенттери жана профессорлору өздөрүнүн жаңы жана заманбап ой-пикирлери менен бөлүшүшөт.

Немис Техникалык Университеттери менен болгон кызматташтыктын жүрүшүндө мугалимдер менен студенттердин тил билим деңгээлин мындан ары да өнүктүрүү зарылчылыгы келип чыкты.Бул маселе жогорку квалификациялуу, немис тили сабагын чыгармачылык менен окуткан  жана иш жүзүндө өткөн мугалимдер аркылуу чечилет.Немис тили борбору үчүн мугалимдер сынактын негизинде тандалат.Тандоо эрежелерине ылайык талапкерлер төмөнкү талаптарды аткарышы керек:

-тиешелүү документтердин топтому

-минимум С1 тил деңгээлин тастыктоо

-сыналуучу сабакты көргөзүү

-аңгемелешүүдөн өтүү.

Азыркы күндө борбордо 13 окутуучу жана бир ассистент эмгектенишет. 2014-жылдын сентябрь айынан тарта немис тилин ДААД-лектор Дагни Вольф окутат.Ошондой эле ал бизге окуу жана сынак материалдарды иштеп чыгууга көмөктөшүп,немис тили боюнча суйлөшүү жана ойноо клубдарын жетектейт.

Окуу планга ылайык,немис тили борбору аркылуу КГТИнин студенттери үчүн немис тилинде алты багыт боюнча сабактар өтүлөт,алар:машина куруу/материалга киришуу,электротехника/электроэнергетика,логистика,телематика,биомедициналык технология жана машиналык жабдуулардын технологиясы.

КГТИнин 800 дөн ашык 1-курстан 3-курска чейинки студенттери жумасына үч жолу немис тилин окушат.

Немис тили боюнча билим деңгээлине ылайык студенттер окуу тайпаларына А1 ден В1(В2 жана С1,эгер талап кылынса) тил деңгээлдерине бөлүштүрүлөт.

Кышкы семестрде алар аралык экзаменди,ал эми жазгы семестрде толук деңгээл боюнча сынак тапшырышат.

Сынактын жыйынтыктарынан кийин тайпалар кайрадан өзгөртүлөт.Ошондо ДААД көз карандысыз баалоочу катары ыраатына көңүл буруп,жыйынтыгында сертификат тапшырат.

Немис тили сабагына кошумча катары,немис тили борбору апрель айында эки жума аралыгында машина куруу,электротехника,биомедициналык техника,телематика,логистика жана машиналык жабдуулар боюнча адистиктер үчүн техникалык немис тилин окууну сунуштайт.

Борбордун окутуучулар курамы бүгүнкү күндө ушул адистиктер үчүн иштелип чыккан материалдарды өркүндөтүүнүн үстүндө иштеп жатышат.

Ошондой эле жаңы 2018-2019 окуу жылынын сентябрь айынан баштап булгаарыны иштеп чыгуу технологиясы жана полиграфия багыттарынын студенттери үчүн дагы немис тили сабактары өтүлүп жатат.

Андан сырткары, жумасына эки жолу КМТУнун окутуучулары жана кызматкерлери үчүн акысыз немис тили курстары А1 ден В1 деңгээлдерине чейин уюштурулган.

Берлиндеги Бойт атындагы Жогорку Техникалык Окуу Жай менен биргелешкен долбоордун жана Кыргыз-Герман Техникалык Институтунун немис тилин үйрөнуу боюнча программаны иштеп чыгуу жана өркүндөтүүнүн алкагында биздин окутуучулар Германияда өздөрүнүн кесиптик квалификациясын жогорулатуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Немис тили борбору негизделгенден баштап, 9 мугалим өздөрүнүн адистик билимин Берлиндеги Бойт атындагы Техникалык Окуу Жайында жана Лейпцигдеги Гердер Институтунун Интердаф жайкы академиясында жогорулатып,улантышты.

КГТИнин немис тили борбору мындан ары да немис тилин жана маданиятын үйрөнүүгө жол ачмакчы.Немис тилин үйрөнүү -биздин студенттер үчүн Германияда кесиптик өсүүгө,илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө түртку болуп,чоң мүмкүнчүлуктөрдү түзүп берүүсүнө биз терең ишенебиз.