Жылдын башында тарбиялык иштердин планы бекитилет. Тарбиялык иштерге жооптуу Абдылдаева Г.М. 1 семестрге иш маалымдама түзөт. Окуу жылдын сентябрь айында, немис тил борборунун окутуучулары студенттерди окуу процессинин графиги, немис тил курсунун саясаты жана техникалык коопсуздук эрежелери менен тааныштырышат.
Бир окуу жылдын ичинде немис тил сабактарында төмөндөгүдөй тарбиялоо темалары талкууланат:
- үй-бүлөө, үй-булөөлүк баалуулуктар жана коңшулаштык түшүнүгү
- Сергек жашоо жана спорт
-илимий-техникалык прогресс жана заманбап байланыш.
Каражаттары:
-Коомдогу өз-ара мамиле.
-Экология жана коом алдында жарандык жоопкерчилик.
-Техникалык багыт боюнча Германия жогорку окуу жайларындагы билим алуунун мүмүкүнчүлүктөрү.
- Дүйнө жүзүндөгу калктардын жана тилдердин ар түрдүүлүгү.
-Бош убакыт жана маданият.
-Немис тилинде тасмаларды көрсөтүү жана талкулоо.
-Немис элинин каада-салты жана үрп-адаттары менен, немис элинин жаңы жыл жана башка майрамдары менен тааныштыруу.
-Үзгүлтүксүз жумасына бир жолу немис тилинде актуалдуу темеларга талкулоо клубу өтүп жатты.
- Адеп боюнча тарбия берүү, эл-аралык тил күнү жана Германиянын биригүү күнү деген темаларда дубал газеталар чыгарылды.
-Германиянын биригүүсүнө арналган салтанаттуу жолугушууга , Германия элчилигнин чакыруусу менен.......катышышты.
- Окутуучулар жана студенттер Елисей келишимине кол койулгандагын эскерүү менен улуттук филармонияда уюшулган камералык концертке катышышты.
Эне тил жумалыгынын алкагында 18-22- Февральда төмөндөгүдөй иш-чаралар өтөт:
Тил жана дуйно элдеринин маданияты темасында дубал газеталардын сынагы өткөрүлөт.
Тилдер фестивалында НТБ немис тили боюнча окуу-куралдарынын көргөзмөсүн уюштуруу аркылуу Германиянын каада-салты жана маданияты менен тааныштырат.Андан тышкары немис тамактары жана ичимдиктери сунушталат.
1 жана 2 курстун окуучуларына немис тасмалары көрсөтүлөт. B1-C1 деңгээлиндеги группаларга(Basel,Bern,Fribourg)”Жаңы дүйнөдөгү көп тилдүүлүк” темасында тегерек үстөл өткөрүлөт.
студенттер арасында” Тилдерди билүү -башка элдердин маданиятын таанууга жол салат” деген темада эң мыкты дилбаян жазуу боюнча сынак өткөрүлөт.
БАЗда ага окутуучу Абдылдаева Г.М. жетекчилигинин астында немис жаңы жылына арналган иш-чара өтөт. Бул иш-чарага КГТИнин студенттери жана мугалимдери катышышты. Фойеде студенттер жаңы жыл базарын уюштуруп,ал жакта немис тамактары жана ичимдиктеринин көргөзмөсү болуп,алар сатылды. КГТИнин студенттери жанан окутуучулары концерттик программа даярдашты.
Салтанаттуу жана маданий-массалык иш-чараларга (Жаңы жыл,Нооруз, 8-Март жана Эне-тил майрамдарына) арналган дубал газеталардын чыгышы болот.
Илимий-изилдөө долбоорлорду ишке ашыруу жана „Technobattle“ программасы боюнча иштерге студенттерди тартуу жүргүзүлөт.