Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Кафедранын тарыхы


«Механика жана өндүрүштүк инженерия» кафедрасы

Механика жана өндүрүштүк инженерия кафедрасы (МӨИ) инженердик ой-жүгүртүүнү калыптандырууга жана илимий, педагогикалык жана өндүрүштүк ишмердүүлүккө жогорку билимдүү адистерди, жоопкерчиликтүү жарандарды даярдоого чоң салым кошуп келе жаткан университеттин эң алгачкы базалык кафедраларынын бири болуп саналып, эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү, өз ишинин натыйжаларын инсандын, университеттин, коомдун жана мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн дайыма жакшыртууга даяр.

Фрунзе политехникалык институту уюшулган мезгилде (1954) кафедра башчысы болуп техника илимдеринин кандидаты, доцент Потоцкий М.Г. дайындалган. Бул жылдар аралыгында кафедраны: ф-м.и.к. Бузин Е.И., т.и.к. Потоцкий М.Г., т.и.к. Медетбеков А.М., ф-м.и.к. Рягузов В.Н., ф-м.и.к. Керимгазиев Э.К., т.и.к. Ормонбеков Т.О., ф-м.и.д.  Дуйшеналиев Т.Б., ф-м.и.к. Чыныбаев М.К. башкарган.

2013-жылдын январь айында КМТУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен «Механика» кафедрасы «Механика жана өндүрүштүк инженерия» кафедрасына өзгөртүлүп, Кыргыз-Герман техникалык институтунун курамына кирген.

Учурда МӨИ кафедрасын физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Доталиева Ж.Ж. жетектейт. Кафедранын курамында 28 окутуучулар, анын ичинен 4 профессор, 12 доцент, 8 улук окутуучулар жана 4 окутуучу эмгектенет.

 

Кафедра эки багыт боюнча адистерди даярдайт:

1. 650500 «Колдонмо механика» профилдери «Техникадагы компьютердик моделдөө» (бакалаврлар жана магистрлер) жана «Санариптик дизайн жана өндүрүш инженериясы» (бакалавр)

2. 680200 «Биотехникалык системалар жана технологиялар» профили: «Биомедициналык инженерия» (бакалавр).

Кафедра ошондой эле жалпы кесиптик дисциплиналар: «Теориялык механика», «Колдонмо механика», «Техникалык механика», «Машина тетиктери жана конструкциянын негиздери», «Материалдардын бекемдиги» ж.б. боюнча тейлейт.

Учурда Берлин техникалык университети (Германия) менен DAAD фондунун (Германиянын академиялык алмашуу кызматы) колдоосу менен өз ара жемиштүү кызматташуулар жүргүзүлүүдө. Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында 680200 «Биотехникалык системалар жана технологиялар» багытынын студенттери Европа Биримдигинин Эразмус+ эл аралык алмашуу программасы аркылуу бир же андан көп семестр Германияда окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. 650500 «Колдонмо механика» багытынын студенттери жайкы мектеп программасынын негизинде Германияда бир ай немец тилин үйрөнүшүп, Берлин техникалык университетинде жана белгилүү ишканаларда (Siemens жана башкалар) стажировкадан өтүшөт, ошондой эле театрларга, музейлерге жана башка маданий иш-чараларга барышат. DAAD фонду менен кызматташтыктын алкагында КГТИнин окутуучуларын Германиянын ЖОЖдорунда стажировкадан өтүшөт, немис профессорлору лекция окууга чакырылат, ошондой эле дипломдук жана магистрдик диссертациялар үчүн студент алмашуу программалары ишке ашырылууда.

 

Кафедра ошондой эле Томск шаарындагы Улуттук изилдөө Томск политехникалык университети (Россия Федерециясы) менен тыгыз кызматташып, биргелешкен илимий конференцияларды, олимпиадаларды өткөрүп, квалификациясын жогорулатуу үчүн студенттерди алмашып турат. Кафедранын кызматкерлери Европа Биримдигинин Эразмус Мундус, Эразмус+ жана башка эл аралык алмашуу программаларына активдүү катышып келет.

Материалдык-техникалык базасында заманбап технологиялар менен жабдылган лекциялык кабинеттер, материалдардын бекемдиги боюнча лабораториялык кабинеттер, медициналык жабдуулар, тиешелүү жабдуулар менен жабдылган инновациялык лаборатория, эки компьютердик класс ж.б. бар.

Кафедранын өндүрүш менен байланышы ар кандай ишканалар менен түзүлгөн келишимдер аркылуу «Колдонмо механика» жана «Биотехникалык системалар жана технологиялар» багыттарынын студенттери окуу жана өндүрүштүк практикадан өткөрүү аркылуу ишке ашырылат. Булар негизинен Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын илимий-изилдөө институттары (Физика-техникалык проблемалар институту, Машина куруу институту, сейсмология институту, Тоо тектеринин физикасы жана механикасы институту ж.б.), Дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаменти, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана башкалар. Бүтүрүүчүлөрдүн көбү ДДМЖД, «Эльфарм» ЖЧК, «АльтерМед» ЖЧК, «Аквамедтек» ЖЧК, «Кыргызмедсервис» ЖЧК, «Медикал Интернейшнл» ЖЧК, , ТНК ТНК «ДАСТАН» ААК, Кумтөр, «Кыргыз Автомаш Радиатор» ААК, «Газпром» ЖЧК сыяктуу мекемелерге жумушка орношууда.

Кафедранын бүтүрүүчүлөрү И.Раззаков атындагы КМТУнун магистратурасында жана аспирантурасында Томск политехникалык университетинде жана башка чет элдик университеттерде окуусун улантууга мүмкүнчүлүк алышат.

2021-жылы МӨИ кафедрасы, ERASMUS+ программасынын эл аралык долбоорунун алкагында “DERECKA/Кыргызстандын PhD докторантурасын жана илимий потенциалын өнүктүрүү” 609918-EPP-1-2019-1-KG-EPPKA2-CBHE- Ж.П., 650500 «Теориялык жана прикладдык механика» багыты боюнча PhD докторанттарын даярдай баштады.