Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Уметалиев Акылбек Сапарбекович


Уметалиев Акылбек Сапарбекович
Экономика илимдеринин доктору, профессор, кафедра башчысы

Негизги квалификациялары:

Өзүмдүн крьерамдын алгачкы 10 жылында мен Казакстандын фосфор кендеринде иштедим, кендин инженеринен жетекчисине чейинки жолду басып өттүм; андан кийин (1985-1993) Кыргыз Республикасынын алтын өндүрүү тармагында иштедим - «Макмал алтын» комбинатынын директорунун орун басары, директору «Кыргызалтын» Мамцернде сатып алуу, камсыздоо жана унаа кызматынын жетекчиси. 1993-2000-жылдары -   «Эридан» жеке каржы-өндүрүштүк фирмасы департаментинин директору жана жеке фирманын уюмдаштыруучу-директору . Россия Федерациясынын алдындагы Эл Чарбасы Академиясында аспирантураны аяктап, экономика илимдеринин кандидаты диссертациямды коргодум.  1996-жылы Йорк, Торонто, Канада университеттеринде окудум жана Канададагы «Камеко» компаниясынын кендеринде стажировкалардан өттүм. 1996-жылы  Президенттин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жана «Манастын 1000 жылдык» медалы менен сыйландым. Экономика, мамлекеттик сатып алуулар, логистика, долбоорлордун менеджменти жана башкаруусу тармактары боюнча жакшы билимим  жана бай тажрыйбам бар. 2000-2007-жылдары Бүткүл дүйнөлүк Банктын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар системасын өнүктүрүү боюнча  МАР долбоорун жетектегем. 2011-жылдан бери И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекетитик техникалык университетинин  «Логистика» кафедрасынын профессору жана кафедра башчысы болуп иштеп келе жатам. Кафедра «Логистика» багыты боюнча бакалаврларды жана магистрлерди окутат.   2015-жылы экономика илимдери боюнча докторлук диссертциямды коргодум. 2 монография жана лекциялардын 2 курсун басмадан чыгардым. Россияда, Казакстанда, Чехияда, Македонияда жана Кыргыз Республикасында 38 илимий макалаларым жарыяланган.  

Билими:

  • 1970 – 1975-ж.ж. - Фрунзе политехникалык институту, Фрунзе ш., инженер-механик диплому.
  • 1991 –1993-ж.ж. -   Россия Федерациясынын алдындагы Эл Чарбасы Академиясы, Москва ш., жогорку квалификациялуу менеджер диплому (топ-менеджер).
  • 2005 – 2006-ж.ж. - Международный Учебный Центр Международной Организации Труда Эл аралык Эмгек Уюмунун Э аралык окуу Борбору, Турин ш., Италия, сатып алуулар боюнча машыктыруучунун диплому (ТОТ).

Билген тилдери:

  • кыргызча (эне тили), орусча (эркин), казакча (эркин), англисче (эркин), кытайча (HSKK-59, HSK 2-145).

Илимий ометрикалык маалымат базаларындагы профилдер:

  1. ScopusID: 
  2. Google Scholar: Уметалиев Акылбек Сапарбеков
  3. ResearcherID Web of Science:
  4. ORCID:https://orcid.org/0009-0001-5215-7566
  5. РИНЦ:
  6. ResearchGate:
  7. ResearcherID:

Телефон: 0312 54 51 60

Кабинет: 1/401

e-mail: a.umetaliev@kstu.kg