Сатып алуулар логистикасы

Сатып алуулар логистикасы – бул  ишканалардын  материалдык агымдарды  башкаруу боюнча , төмөнкү материалдык  ресурстар   : чийки заттар, материалдар, жыйнактоочу товарлар менен жабдуу процессиндеги ишмердик. Ал уюмдун материалдык ресурстарын алууга жана алып келүүчүлүрдүн кызматын көрүүгө байланыштуу болгон төмөндөгү бардык ишмердик түрлөрүндө аракет кылат: сатып алууларды, жеткирүүлөрдү, кабыл алууну, материалдык ресурстарды (МР) убактылуу сактоону ж.б.

Жабдуу – бул логистиканын эки себеп боюнча маанилүү функциясы болуп саналат:

  1. МРдин баасына жана сапатына, аларды өз убагында алып келүүсүнөн өндүрүш процессинин эффективдүүлүгү (жараксыздыктардын болбошу, үзгүлтүктөр, токтоп калуулар, өздүк нарктын төмөн болушу), даяр продукциянын сапаты жана акырында керектөөчүлөрдү төйлөөнүн сапаты көз каранды болот;

  2. Жабдууга ишкананын жалпы чыгымдарынын ири үлүшү туура келет (орточо алганда, 60 %), ошондуктан бул тармактагы анча чоң эмес жакшыртуулар да көлөмдүү пайда алып келиши мүмкүн.

Сатып алуучулук логистиканын максаты – уюмга экономикалык эффективдүүлүктү максималдуу берүү мүмкүнчүлүгү бар ишенимдүү жана үзгүлтүксүз материалдык агымдарды түзүү болуп саналат. Экономикалык эффективдүүлүктүн негизин канааттандырарлык сапаттагы минималдуу баа боюнча зарыл материалдарды издөө жана сатып алуу түзөт.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар