Долбоордун максаты

Долбоордун максаттары:

• Кыргыз Республикасынын университеттеринде инклюзивдүү PhD-билим берүүнүн санариптик экосистемасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү. Бул экосистема ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды кошо алганда, билим алуучулардын бардык категориялары үчүн доктордук программаларга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.

• Билим берүү процессинин сапатын жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган заманбап санариптик технологияларды жана онлайн-платформаларды интеграциялоо аркылуу Кыргызстандын жогорку билим берүү системасын модернизациялоого көмөк көрсөтүү.

• Адаптацияланган окуу материалдарын, насаатчылык программаларын жана билим берүү процессин башкаруунун санариптик инструменттерин камтыган PhD докторанттарын колдоонун комплекстүү системасын калыптандыруу жана апробациялоо.

• Профессордук-окутуучулук курамдын жана административдик персоналдын санариптик компетенцияларын жогорулатуу, ошондой эле инклюзивдүү билим берүү принциптерин киргизүү аркылуу университеттин ишмердүүлүгүн стратегиялык башкарууну күчөтүү.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар