Иш-чараларды өткөрүү
2025-жылдын 11-ноябрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Erasmus+ долбоорунун “Кыргызстандагы университеттердин финансылык автономиясын өнүктүрүү (DEFA)” жыйынтыктоочу конференциясы башталды.
Иш-чара долбоордун үч жылдык ишин жыйынтыктоо жана өлкөнүн жогорку окуу жайларынын каржылык көз карандысыздыгын андан ары өнүктүрүү келечегин талкуулоо үчүн өткөрүлүүдө.
Конференцияга Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргызстандагы Улуттук Erasmus+ кеңсесинин, Кыргыз Республикасынын Университеттер ассоциациясынын, ошондой эле долбоордун эл аралык өнөктөштөрү - Отто фон Герике университетинин (OVGU, Германия), Флоренция университетинин (UNIFI, Италия) жана CESIE борборунун (Италия) өкүлдөрү катышууда.
Долбоордун менеджери жана КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, DEFAны ишке ашыруу кыргыз университеттеринин башкаруучулук жана каржылык туруктуулугун жакшыртуудагы маанилүү кадам болгонун белгиледи. Ал долбоор аркылуу алынган тажрыйба университетти башкаруунун ийкемдүү жана натыйжалуу механизмдерин ишке ашырууга мүмкүндүк берерин баса белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновация министринин орун басары Нурлан Өмүров жана Erasmus+ программасынын Кыргызстандагы улуттук координатору Гүлнара Исаева да катышуучуларга куттуктоо сөздөрүн айтышып, долбоордун улуттук жогорку билим берүү системасын модернизациялоодогу маанисин белгилешти.
Конференциянын биринчи күнүндө негизги жумуш пакеттери — Башкаруу, Иштеп чыгуу, Ишке ашыруу, Сапатты камсыздоо жана Таркатуу боюнча баяндамалар жасалды, ошондой эле өнөктөш университеттердин ортосундагы туруктуулук жана андан аркы кызматташуу маселелери талкууланды.
DEFA долбоору Кыргызстандагы жана Европадагы алдыңкы университеттерди бириктирип, өлкөдөгү жогорку окуу жайларынын ачык-айкындуулугун, туруктуулугун жана сапаттуу башкаруусун камсыз кылган финансылык автономиянын натыйжалуу моделин иштеп чыгууну көздөйт.
Конференция 2025-жылдын 13-ноябрына чейин уланат.

