DEFA
Долбоордун аталышы: Кыргызстандагы университеттердин каржылык автономиясын өнүктүрүү
Долбоордун кыскартылган аталышы: DEFA
Координатор менен байланыш: Мирлан Чыныбаев
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
720044, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспектиси, 66
e-mail: defa@kstu.kg
Сайты: https://defa.kstu.kg/
ДОЛБООРДУН КЫСКА МАЗМУНУ
Кыргызстан жогорку билим берүү тармагында реформаларды жүргүзүп, жогорку билим берүүнүн европалык башкаруу стандарттарына ылайык өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багыт алды. Өзгөчө көңүл Болон процесси менен жогорку билим берүүнүн европалык сапат стандарттарын ылайыкташтырууга бурулган. Азыркы учурда үч баскычтуу билим берүү системасына өтүү аяктады. Улуттук квалификациялар системасы иштелип чыгып, бекитилген. Бирок университеттерди башкаруу системасындагы реформалар учурдагы талаптарга толук жооп бербей жатат. Айрыкча, финансылык менеджмент системасы университеттердин автономиясын камсыздоого жетиштүү деңгээлде көмөк көрсөтпөйт. Ал эми бул автономия инновациялык жана атаандаштыкка жөндөмдүү университеттерди өнүктүрүү үчүн зарыл шарт болуп саналат.
Башкаруунун эски моделдерине альтернатива болгон жаңы башкаруу инструменттерин иштеп чыгуу жогорку окуу жайларынын ишиндеги автономияны кеңейтүүнү талап кылууда. Финансылык көзкарандысыздык аспектси университеттик автономия системасында өзгөчө мааниге ээ. Бул долбоор университеттик өзүн-өзү башкаруунун жаңы системаларын сыноого жана жайылтууга, ошондой эле финансылык автономияны жогорулатууга багытталган.
Европалык өнөктөштөрдүн институционалдык жана финансылык автономияны кеңейтүү боюнча тажрыйбасын изилдөө аркылуу Кыргызстандагы университеттер үчүн финансылык автономиянын модели иштелип чыгып, сыноодон өткөрүлүп, бааланат.
Долбоордун алкагында муктаждыктарды талдоо, ишке ашыруу стратегиясын иштеп чыгуу, университеттердин финансылык автономиясынын моделин түзүү, тиешелүү мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташууда укуктук нормаларды кайра кароо боюнча сунуштарды даярдоо, ошондой эле университет кызматкерлери жана министрлик өкүлдөрү үчүн пилоттук окуу иш-чаралары жүргүзүлөт.
Долбоор Кыргызстандын университеттеринин финансылык жана экономикалык көзкарандысыздыгын жогорулатуунун келечегин изилдеп, иштелип чыккан жана мыйзамдаштырылган автономия моделинин алкагында университеттердин учурдагы жана күтүлгөн ыйгарым укуктарын тактайт. Долбоор финансылык жана экономикалык автономия процессин өркүндөтүү боюнча эффективдүү чечимдерди сунуштайт.
ДОЛБООРДУН НЕГИЗГИ МАКСАТЫ — университеттердин финансылык автономиясынын ийкемдүү жана натыйжалуу моделин иштеп чыгуу. Бул модель билим берүү мекемелерине ресурстарды мобилизациялоо, аларды башкаруу жана коом менен эмгек рыногунун өзгөрүп турган муктаждыктарына ылайык натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул инклюзивдүү, экологиялык, чыгармачыл жана адилеттүү өлкөнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

