Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Бөлүмдүн тарыхы


И. Раззаков атындагы КТУнин Токмоктогу контрактык факультетинин «Экономика жана гуманитардык илимдер» минбары 1994-жылдын 19-сентябрында уюштурулган. Минбардын жетекчилигине экономика илимдеринин доктору, профессор Дөөлөталиев С. Д. дайындалган.

2003-жылдын 1-сентябрында минбардын аты кайрадан өзгөртүлүп, «Экономика» минбары: «Экономика» жана «Менеджмент жана бухгалтердик эсеп» деп 2 минбарга бөлүнгөн. 2006-жылдан баштап «Экономика» минбарына доцент Тукеева А. С. жетекчиликке дайындалган. КМТУнин №1/112 22.06.2009 ж. буйругуна ылайык ошондой эле «Менеджмент» жана «Бухгалтердик эсеп» адистиги болуп бөлүнгөнүнө байланыштуу минбарда өзгөртүүлөр жүргүзүлүп «Экономика» жана «Экономика жана менеджмент» болуп бөлүнгөн.

«Экономика жана менеджмент» минбарынын жетекчилигине 2009-жылы п. и. к., профессор Иманкулова Эркина Токтогуловна дайындалган. Акыркы 5 жыл ичинде «Экономика жана менеджмент» минбары 200дөн ашык адистер экономисттерди, менеджерлерди күндүзгү жана сырттан окуу формасы боюнча чыгарды. Минбардын мугалимдеринин илимий-изилдөө эмгектери вуздардын ар кандай журнал жана маалыматтарына басылып турат. Акыркы жылдары минбардын 2 окуу китеби, 2 окуу жөлөктөрү, 41 илимий статья, 27 усулдук иштер басмадан чыгарылды. Иманкулова Э. Т. жетекчилиги астында жандуу илимий-изилдөө иштери мугалимдер арасында гана жүргүзүлбөстөн, студенттер дагы жыл сайын баяндамаларды ар кандай конференцияларда жасашат, ошону менен бирге байгелүү орунга да ээ болушкан. Профессор-окутуучулардын курамынын саны 12 адам, алардын ичинен бирөө п. и. к. профессор, 2 э. и. к., 2 доцент , 1 доценттин м. а., 3 улук окутуучу, 3 окутуучу.

Азыркы мезгилде минбарда үзүрлүү эмгектенгендер: п.и.к. профессор Иманкулова Э.Т., э.и.к. Сакиев Э.С., э. и. к. Алимбеков К. А., доцент Тукеева А. С., доцент Орозахунов Т. С., доценттин м. а. Дыйканалиев Е. М., улук окутуучу Абдырахманова Н. А., улук окутуучу Кудабаева Н. К.,  ага окутуучу Миронова Л. А., окутуучулар Ташматова Н. А., Алпысбаева А. Ж., Рахматова А. К.

Азыркы күнгө чейин өзүнүн окуу жайынын уюшулганынан баштап талыкпай жемиштүү эмгектенип келе жаткан мугалимдердин өмүр баяндары өзгөчө урматтоого арзыйт.

2016-ж. студенттердин контингентинин кыскарышына байланыштуу кафедра жабылган.

2019-жылдын 25 сентябрьдагы № 1/158 буйругу менен 580100 «Экономика», 580200 «Менеджмент» багыттарынын студенттерине сапаттуу билим берүү жана күндүзгү бөлүмдө студеннтердин санын көбөйтүү максатында, экономика факультетинин профилдик бөлүмү (кафедрасы) ачылган. Академик Х. А. Рахматулин атындагы филиалынын бөлүмүнүн башчысы Иманкулова Э. Т. дайындалды.

Бөлүмдө бир профессор, үч экономика илимдеринин кандидаты, төрт улук окутуучу, эки окутуучу, бир лаборант.

Бөлүмдүн профессордук окутуучулары жыл сайын квалификациясын жогорлатуу менен алектенет.

Бөлүмдөгү окуу процессин, билим берүүнүн сапаты маселерин өркүндөтүү  боюнча иштер жүргүзүлүп, бардык мугалимдер Токмок филиалынын коомдук иштерине активдүү катышууда.

Бөлүмдүн темасы: «Рынок шартында ишканаларды башкаруунун эффективдүүлүгүнүн проблемалары».