Стамбул шаарындагы кол онорчулуук фестивалына катышуу
.Студенттердин Эл аралык фестивалга катышуусу
12-26 сентябрь 2015 жылдары ХПК-2-23 тобунун студенттери Турдубекова Акылай жана Чекирбаева Элиза Стамбулда өткөн 20-эл аралык салттуу кол өнөрчүлүк фестивалына катышышты. Өлкөлөр салттуу искусствосун көрсөтуу кызыктуу атмосферада болду-көргөзмө, лекциялар жана жаңы таанышуулар. Фестивалдын максаты-тажрыйба алмашуу, салттуу кол өнөрчүлүктү өздөштүрүү жана элдердин достугун чыңдоо. Жыйынтыктоочу күнү маданиятыбыздын эң кооз салттарынын бири болгон белек берүү аземин өткөрдүк.

