Негизги билим берүү программасынын максаттары: - Максат 1. гуманитардык, социалдык, экономикалык, математикалык жана табигый илимий билимдердин негиздери жаатындагы даярдоо, - Максат 2. бүтүрүүчүгө графикалык, предметтик жана экологиялык дизайн жаатында ийгиликтүү иштөөгө мүмкүндүк берген жогорку кесиптик профилдүү (бакалавр деңгээлинде) билим алуу. - Максат 3. анын социалдык мобилдүүлүгүнө жана эмгек рыногундагы туруктуулугуна өбөлгө түзүүчү универсалдуу жана кесиптик компетенцияларга ээ болуу. - Максат 4. студенттин социалдык-инсандык сапаттарын калыптандыруу: максатка умтулгандык, уюшкандык, эмгекчилдик, жоопкерчилик, жарандуулук, толеранттуулук, коммуникативдүүлүк, жалпы маданиятты жогорулатуу.