Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Абитуриентке


УРМАТТУУ АБИТУРИЕНТТЕР!

Транспорт жана робототехника институту - И. Раззаков ат. KМТУнин эң алгачкы факультеттеринин бири. 1954-жылы Фрунзе политехникалык институту түпөлгөндө кошо түзүлгөн.  Институттун негизги иш багыттары автотранспорт, робототехника, мехатроника, логистика, унааларды башкаруу, жол коопсуздугу тармагындагы жогорку квалификациялуу бакалавр, магистр жана PHd-докторлорун даярдоого багытталган. Сапаттуу билим - бул адам үчүн эң кымбат байлык.

Биздин институтта жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Студенттер үчүн институттун жогорку илимий-педагогикалык деңгээлдеги окутуучулары, заманбап окуу жана илим-изилдөө лабораториялары кызмат кылат.  Биздин бүтүрүүчүлөр - ири ишканалардын, тейлөө борборлорунун, автоунаа мекемелеринин жетекчилери, ошондой эле белгилүү саясатчылар жана ишкерлер. Эмгек рыногунун талаптарына жооп берген жогорку сапаттагы билимдүү адис болом деп эңсеген болсоңуз, биздин Транспорт жана робототехника институтуна чакырабыз! "

 

Транспорт жана робототехника институтунун директору, т.и.д., проф.

Маткеримов Таалайбек Ысманалиевич

 

Биздин институт 4 багыт боюнча кабыл алууну жүргүзөт:

670200 – ТРАНСПОРТ ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯЛЫК МАШИНАЛАРДЫ ЖАНА КОМПЛЕКСТЕРИН ЭКСПЛУАТАЦИЯЛОО
670300 – ТРАНСПОРТТУК ПРОЦЕССТЕРДИН ТЕХНОЛОГИЯСЫ
700300 — ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ПРОЦЕССТЕРДИ ЖАНА ТАРМАКТАРДЫ АВТОМАТТАШТЫРУУ (ТАРМАК БОЮНЧА)
700500 — МЕХАТРОНИКА И РОБОТОТЕХНИКА
 

Окутуу күндүзгү, сыртан жана дистанттык формада жүргүзүлөт:

күндүзгү – 4 жыл
сыртан – 5 жыл
колледжей жана техникумдан кийин: күндүзгү – 3 жыл, сыртан – 4 жыл
дистантык — 5 жыл
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча бюджеттик жана контракттык түрдө билим алуу каралган (кошумча предметтик тест физика же математика).

Институт жана анын багыттары, профилдери жөнүндө экскурсиялык видео тур. Төмөндөгү шилтемени карап көрсөңүз болот:

Институттун кесиптик жетекчилиги

Слайддын уландысы шилтеме аркылуу