Методикалык кызматы
Мектептин методикалык кызматы- билим берүү мекемесинин окуу-тарбия процессине заманбап педагогикалык технологияларды иштеп чыгууну жана киргизүүнү камсыз кылган мектеп ичиндеги ийкемдүү өнүгүүдөгү структура.
Бул көп кырдуу ишмердүүлүктү мектептин методикалык кеңеши башкарат.
Методикалык кеңеш:
-конкреттүү окуу жылына методикалык иштердин маселелерин ишке ашырат.
-методикалык бирикмелердин иштерине багыт берет.
-мектеп ичиндеги семинарларды, өз ара сабактарга катышууну, педагогикалык окууларды даярдайт жана өткөрөт.
-устатчылыкты уюштурат, алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жалпылайт жана киргизет.
-текшерүү иштеринин жыйынтыгын анализдейт, билимдериндеги кенемтелерди жөнгө салуу жолдорун аныктайт.
-психолого-педагогикалык семинарларды, иштиктүү оюндарды уюштурат жана өткөрөт.
Методикалык кеңештин ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттар:
-предметтер боюнча билим берүүчүлүк ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын анализдөө.
-предметтер боюнча дидактикалык материалдардын жана окуу-методикалык китептердин кол жазмаларын талкуулоо.
-мугалимдердин квалификациялык разрядын жана квалификациясын жогорулатуу, окуу предметтерин окутуу методикасынын маселелери боюнча докладдарды талкуулоо жана даярдоо.
-календарлык-тематикалык пландарды талкуулоо жана бекитүү.
- сабактардын башка түрлөрүн өткөрүү ыкмасын жана анын дидактикалык материалдарынын мазмунун талкуулоо.
-окуучулардын изилдөөчүлүк иштерин көзөмөлдөө жана башкаруу, уюштуруунун талаптарын кароо.
-окутуунун жаңы маалыматтык технологияларын издөөдө жана киргизүүдө педагогикалык эксперименттерди уюштуруу жана өткөрүү.
-кабинеттердин окуу-методикалык базасын жакшыртуу.
-окуу предметтерин окутуу ыкмаларын жакшыртуу жанатажрыйба бөлүшүү максатында методикалык бирикмелердин жана башка мектептердин методикалык бирикмелеринин сабактарына катышуу.
-башка окуу жайлардын методикалык бирикмелеринин иштери менен таанышуу жана бул иштер менен тажрыйба алмашуу.
-тажрыйбасы аз жана жаш мугалимдер менен устатчылык иштерин тандоо жана уюштуруу.
-сабактар аралык таймаштардын, олимпиадалардын, конкурстардын жобосун иштеп чыгуу жана өткөрүү.
Методикалык кеңештин укуктары:
-мугалимдердин квалификациялык разрядын жогорулатуу үчүн сунуштарды даярдоо.
-мектепте окуу процессин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү.
-методикалык бирикмеде чогулган алдыңкы педагогикалык тажрыйбалардын материалдарын жарыкка чыгаруу боюнча маселелерди көтөрүү.
-мектеп администрациясынын алдыңкы мектеп кызматкерлеринин экспериметалдык, илимий-методикалык, проекттик изилдөө, тажрыйба издөөчүлүк иштеринде активдүүлүгү үчүн сыйлыктарды берүү боюнча маселелерди көтөрүү.
-мугалимдерге квалификацияларын жогорулатуунун ар түрдүү формаларын сунуштоо.
-ар түрдүү конкурстарга катышууга мугалимдерди көрсөтүү.
Методикалык кызматтын максаты:
-Бардык түзүмчөлөрдүн методикалык иштерин координациялоо, практикалык жардам көрсөтүү, алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жана башкарууну ишке ашыруу.
-Педагогикалык чеберчиликти жана чыгармачылыкты өнүктүрүү, КРнын билим берүү жөнүндөгү мыйзамынын жана стандарттык талаптарынын негизинде билим берүүнүн мазмунун жакшыртуу.
-Мугалимдердин профессионалдуулугунун жана квалификациясынын деңгээлин жана анын үзгүлтүксүз билим алуусун жогорулатуу түрлөрүн жана формаларын, мазмунун аныктоо.
Маселелери:
- КР ББМСнин талаптарына ылайык окуучулардын даярдыгынын сапаттык деңгээлин, алардын маанилүү приоритеттик көндүмдөрүнүн милдеттүү деңгээлге жетүүсүн камсыз кылуу.
- Окуу программаларын жана пландарын өркүндөтүү.
- Мониторинг системасына жана профилдик окутуу боюнча иштерге шарт түзүү.
- Чыгармачылык менен иштеген мугалимдердин педагогикалык тажрыйбаларын жалпылоо, таап көрсөтүү жана таратуу.
- Окуу процессине окутууну автоматташтыруунун программалык камсыздоо системасын , сабактарды маалыматтык камсыздоо системаларын, маалыматтык китепканалар системаларын киргизүү. Сабактарды өткөрүү үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана аларды окуу процессине киргизүү.