Жанылыктар
"ЭИТ" кафедрасынын ИКТ 1-22 тобунун студенттери Асанкадырова Бегимай , Каныбеков Адилет жана Турганбаев Арсен, Ярослав Мудрый атындагы Новгород мамлекеттик университетинде “Кышкы университетке” катышышты.
Студенттер алты багытка бөлүнүшүп, биздин студенттер санариптик сигналдарды иштетүү (ССИ) багытында катышышты. Долбоор "Жергиликтүү навигация системасы" деп аталган. Максаты спутниктик системалар (GPS) жана мобилдик байланыш туруксуз же жеткиликсиз болгон шарттарда адамдардын топторун же учкучсуз учуучу аппараттарды багыттоо жана координациялоо системасын иштеп чыгуу болгон.
Ар кайсы өлкөлөрдөн келген студенттердин командасы менен биздин стдуенттер долбоордун үстүндө тырышчаактык менен иштеп, кеңири практикалык тажрыйба топтоду.

