Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Кафедранын тарыхы


А.С.ДЖАМАНБАЕВ АТЫНДАГЫ «ЖЫЛУУЛУК  ЭНЕРГЕТИКАСЫ» КАФЕДРАСЫ

 

Кафедра башчысы  т.и.к. ,доцент Насирдинова С.М.

 

«Жылуулук техника жана тиричиликтин коопсуздугу» кафедрасы 1997-жылы «Жылуулук техникасы» жана «Тиричиликтин коопсуздугу» кафедраларынын биригүүсүндө уюшулган. Түзүлгөн учурдан тартып бүтүрүүчү (выпускающей) кафедра болуп саналат жана «Жылуулук электр станциялары» адистиги боюнча «инженер-жылуулук техниктерин» жана ошондой эле «Технологиялык процесстердеги жана өндүрүштөрдөгү коопсуздук» адистиги боюнча инженерлерди жана бакалаврларды даярдоону жүргүзөт. Кафедра башчысы болуп техника илимдеринин кандидаты, проф. Саньков Вячеслав Иванович шайланган.  

Ошентип, тарыхый жактан 1956-жылы «Жылуулук техникасы жана гидравлика» кафедрасы уюштурулган.

Биринчи кафедра башчысы болуп т. и. к. Найдич Э. А. дайындалган.

1960-жылы кафедра башчысынын кызмат ордуна т. и. к. Костюченко Э. Д. келген.

1967-жылы «Жылуулук техникасы  жана гидравлика" кафедрасы өз алдынча эки кафедрага «Жылуулук техникасы" жана «Гидравлика" кафедраларына бөлүнгөн. «Жылуулук техникасы" кафедрасынын башчысы болуп т. и. к., профессор Щеколдин М. И. шайланган.

1975-жылы кафедра башчысы болуп т.и.к., доцент Волков Г.В. дайындалган.

1979-жылы «Жылуулук техникасы» кафедрасын техника илимдеринин доктору профессор

Джаман6аев А. С. башкарган, ал кафедранын окуу лабораториялары менен окуу жайларын техникалык жана эстетикалык жасалгалоо жагына көп күч жумшаган. Ошол учурда кафедранын илимий-изилдөө лабораториясы түзүлүп, анын өнүгүсүнө көптөгөн салымын кошууга жетишкен.

Эмгек жолун Тянь-Шань обл. айыл чарба башкармалыгынын К. Скрябин атындагы Кыргыз айыл-чарба институтун аяктагандан кийин баштаган, адегенде улук, андан кийин башкы инженер.

1955-1967 жылдары ал  кенже илимий кызматкери, аспирант, Кыргыз республикасынын илимдер Академиясынын энергетика Институтунда лаборатория башчысы болуп иштеген, 

1967 жылы аны учурундагы Фрунзе политехникалык институтка которушкан. Ага чейин 1988-ж. энергетика факультетинин  илимий иштер боюнча проректору, кафедра башчысы, деканы болуп иштеген.

1982-жылы «Жылуулук техникасы» кафедрасы Орто Азия аймагында жылуулук техникалары сабактарын окутуунун методикасы боюнча окуу-семинарын өткөргөн.

Семинардын катышуучулары Фрунзе политехникалык институтунун «Жылуулук техникасы» кафедрасында иштеп жаткан усулдук жабдууларга жогору баа беришкен.

Кафедранын окутуучулары аткарып жаткан илимий-изилдөө иштери өнүгүүгө кеңири өнүгө баштаган.

Заказ кылгандардын саны көбөйүп,  илимий-изилдөө иштеринин деңгээли жогорулаган.

СССР жана Кыргызстандын ишканалары үчүн кафедра илимий изилдөөлөрдү аткара баштады. Авиациялык өнөр жай Министрлигинин ишканалары (п/мен А-7840) жана СССРдин Энергетика Министрлиги  заказчы болуп калды.

Чарба келишимдери боюнча иштеринин жалпы көлөмү жылына 150 миң сомго чейин өскөн.

Кафедранын мугалимдери Бүткүл союздук конференцияларга үзгүлтүксүз катышып турушкан. Бүткүл союздук жана чет өлкөлүк адистештирилген жыйнактарга жана басылмаларга алардын эмгектери тынымсыз жарыяланып турду (жыйнактар: «Жылуулук энергетикасы», «Катуу отун химиясы», «Аба флоту», «Фрайберг тоо-кен академиясынын жарчысы»  ж.б.).

Кийин 1968-жылы ФПИнин Кеңешинин чечими “Эмгекти коргоо" кафедрасы менен түзүлгөн.

Биринчи кафедра башчысы болуп техника илимдеринин кандидаты, доцент Бообеков, М. Б. иштеген.

1968-жылы кафедра башчысынын кызматына доцент Табаков А. Ж. келген.

Андан кийин 1973-жылы т. и. к. Шаймергенов А. А., 1975-жылы доцент Калинкин В. А., 1981-жылы улук окутуучу Никаноров В. И., 1988-жылы  т. и. к., доцент  Волосков В.В. жетектеген.

1990-жылы "Эмгекти коргоо" кафедрасы "Турмуш-тиричилик коопсуздугу" кафедрасы болуп кайра түзүлгөн.

1993-жылы кафедра башчысы болуп т. и. к., доцент Ажибаев Э. К. шайланган.

1994-жылы кафедрага "Экология" сабагы боюнча сабактарды өткөрүүнү тапшырган.

Түзүлгөн учурдан тартып кафедра Кыргыз Республикасында "Жылуулук электр станциялары" адистиги боюнча “инженердик-жылуулук техник”  жана ошондой эле «Технологиялык процесстердеги жана өндүрүштөрдөгү коопсуздук” адистиктери боюнча адистерди республика боюнча жалгыз даярдап келген.

Азыркы учурда «Жылуулук энергетикасы» кафедрасында т. и. к., проф. Саньков В.И., т. и. к., проф. Чечейбаев М.С., т. и. к., доцент Бобровская Е.А., т. и. к., доц. Жусубалиева Б.К., т. и. к., доц. Насирдинова С.М., улук окутуучулар:  Суюнтбекова Н.А., Рожнова Т.Г., Стамбекова Г.А., лаборатория башчысы Сакенов А.О., инженер Иманалиева С.Ж.

Профилдери:

«Жылуулук электр станциялары»

«Электр энергетикасы нда энергияны үнөмдөө ».

«Жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы» багыты боюнча адистерди даярдоо улуттук милдет болуп саналат, анткени Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын сактап калуу колдо болгон бай отун-энергетикалык байлыктарды сарамжалдуу пайдаланууда гана мүмкүн болот. 

Технологиялык факультеттин студенттери ошондой эле «Унаа жана машина куруу» факультетинин студенттери үчүн «Жылуулук техникасы» сабагы, энергетика факультетинин студенттери үчүн «Жылуулук энергетикалык орнотмолору» сабактары окутулат.

«Жылуулук энергетикасы» кафедрасынын жетишкендиктери.

Кафедрада илимий-изилдөө иштери төмөндөгү багыттар боюнча жүргүзүлгөн:

- «Инженердик теплофизика» (доц. В.И. Саньков, доц. М.С. Чечейбаев).

- «Тиричиликтеги коопсуздук» (доц. В.П. Филиповский).

- «Таштарды иштеп чыгуу жана казып алуу үчүн машиналарды жана механизмдерди түзүү» (т.и.к., доц. Э.К. Ажибаев).

- «Машиналардын жана механизмдердин автоматтык иштеткич системасын түзүү» (т.и.к., доц. В.П. Кондратьев).

-   «Энергетикалык электр жабдууларынын ишенимдүүлүгү жана коопсуздугу» (доц. С.Ж. Жакыпов).

- «Көмүрдү термобрикеттештирүү» (т.и.к., доц. В.И. Сань­ков, улук окутуучу А.Ш. Баймендиева).

- «Жылуулукэнергетикалык ишканаларда санитардык-гигиеналык эмгек шарттарды изилдөө жана иштердин коопсуздугун камсыз кылуу » (т.и.к. В.И. Саньков, т.и.к. Э.К. Ажибаев, т.и.к. А.В. Трегубов, З.Г. Карпушевич).

- «Бишкек жылуулук тармагы» ААКсында иш жүзүндөгү жылуулук жоготуулардын магистралдык өткөргүч жана бөлүштүрүүчү буу өткөргүчтөрүн аныктоо, алардын иштөө режимин стационардык эмес шарттарда сыноо жолу» (т.и.к. В.И. Саньков, т.и.к. Э.К. Ажибаев, т.и.к. В.П. Филиповский, улук окутуучу В.И. Никаноров).

- «Бишкек жылуулук тармагы» ААКсында магистралдык өткөргүч жана бөлүштүрүүчү жылуулук тарамдарынын жылуулук жоготууларын аныктоо»  (т.и.к. В.И. Саньков, т.и.к. Э.К. Ажибаев, т.и.к. В.П. Филиповский, улук окутуучу В.И. Никаноров).

- «Бишкек жылуулук тармагы» ААКда суу жылуулук тармактарындагы  суунун агып калуусун аныктоо» (т.и.к. В.И. Саньков, т.и.к. Э.К. Ажибаев, т.и.к. В.П. Филиповский, улук окутуучу В.И. Никаноров).

- «Сезондук аккумулятордук жылуулукту пайдалануу менен күн жылуулук тутумдарын жабдууну изилдөө жана иштеп чыгуу» (т.и.к., доц. С.М. Насирдинова).

- «Жылуулук энергетикасына жаңы теплоизоляциялык материалдарды киргизүү»  (проф. В.И. Саньков).

- «Тоолуу шарттарда суюк жүгү менен автомобилдин жүрүү процессинин эсептөө методикасын иштеп чыгуу»  (т.и.к., доц. Ж.М.Омуров).

Мамлекеттик жалпы билим берүү стандартына ылайык эки багыт боюнча үч профиль боюнча адистерди даярдайт: 

«Жылуулук электр станциялары»;

«Электр энергетикасы нда энергияны үнөмдөө».

Профилдик сабактар:

 «Жылуулук электр станциялары»профили боюнча:

- жылуулук энергетикада бекемдикке эсептөөлөр;

- техникалык газодинамика;

- ЖЭС жылуулук тармактардын режимдерин оптималдаштыруу;

- жылуулук-энергетикалык жабдууларды конструкциялоо;

- буугенератордук орнотмолор;

- турбиналык орнотмолор;

- кошумча жабдуулар жана түтүк өткөргүчтөр;

- сууну даярдоо жана суухимиялык режими;

- ЖЭС топливдик чарба жана золоудаление;

- жылуулук жана атомдук электрстанциялары;

- энергоблокторду эксплуатациялоо жана оңдоо;

- ЖЭ жабдууларды сыноо жана жөндөө;

- ЖЭ жабдуулардын ишенимдүүлүгү жана оптималдаштыруу;

- жылуулук энергетикадагы коопсуздук.

«Электр энергетикасы нда энергияны үнөмдөө» профили боюнча:

- энергетикага киришүү;

-  энергияны үнөмдөө негиздери;

-  энергетикалык тутумдарынын менеджменти жана маркетинги;

-  энергоресурстарды натыйжалуу пайдалануунун негиздери;

-  энергияны үнөмдөө;

- энергетикалык тутумдарында энергияны үнөмдөө;

- энергия менен камсыздоонун негиздери;

- энергетикалык тутумдарынын негизги жабдууларынын иш режимдери;

-  энергияны үнөмдөө ишинде долбоордук сунуштарды башкаруу.

Бул багыттар боюнча лабораториялык иштердин циклы иштелип чыккан, алар төмөнкү 4 лабораторияларда аткарылат:

  -  жылуулук берүү;

  -  термодинамика;

  -  илим изилдөө лабораториясы;

  -  виртуалдык лаборатория.

Окуу процессин жана илимий-изилдөө иштерин ийгиликтүү жүргүзүү үчүн кафедрада «Техникалык термодинамика жана жылуулук берүү» сабагы боюнча виртуалдык лаборатория түзүлгөн жана 20 даана жеке компьютерлер орнотулган, илимий лаборатория бар.

Кафедранын дисциплиналары боюнча курстук жана лабораториялык иштерди эсептөө үчүн белгиленген программалар иштелип чыккан.

Лабораториялык аудиторияларда лабораториялык иштерди жүргүзүү үчүн такталар бар.

Акыркы жылдарда кафедранын кызматкерлери тарабынан монографиялар, окуу куралдар, илимий-изилдөө отчеттор, курсттук жана дипломдук долбоорлоонун, лаборатордук иштердин усулдук көрсөтмөлөрү жазылган.

Негизги илимий-изилдөө иштери кафедранын профессордук-окутуучулар курамы тарабынан төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:

- «Бишкек жылуулук тармагы» ААК менен келишим боюнча: «Бишкек жылуулук тармагы» ААКсында иш жүзүндөгү жылуулук жоготуулардын магистралдык өткөргүч жана бөлүштүрүүчү буу өткөргүчтөрүн аныктоо, алардын иштөө режимин стационардык эмес шарттарда сыноо жолу, жалпы каржылоо көлөмү 340 миң сом;

- Магистралдык өткөргүч жана бөлүштүрүүчү жылуулук тармактары менен жылуулук жоготууларды аныктоо,  жалпы каржылоо көлөмү 291миң сом;

- «Бишкек жылуулук тармагы» ААКнын жылуулук магистралында ысык суунун жоготууларын изилдөө, каржылоонун көлөмү 140 миң сом.

Мамлекеттик агенствонун келишими  менен интеллектуалдык менчик боюнча:

- Жылуулук энергетикалык ишканаларда эмгек коопсуздугун камсыз кылуу иштерин жана санитардык-гигиеналык шарттарды изилдөө, каржылоонун көлөмү 30 миң сом;

- 2005-жылдан 2009-жылга чейин мамлекеттик бюджет темасы боюнча иштер жүргүзүлдү:

- Теплофизикалык жана башка заттардын, тамекинин зыяндуу жана коркунучтуу жактарын жана алардын адамга, айлана-чөйрөгө тийгизген таасиринен коргоо каражаттарын изилдөө.

Азыркы учурда гранттар боюнча иш жүргүзүлүп жатат:

 Жылуулукту сезондук топтоо менен күн нуру менен жылуулукту камсыз кылуу системасы (илимий жетекчиси Саньков В.И. 2008-2012 ж.), кафедра «ЭККБНЫ» менен бирге жалпы каржылоо көлөмү 250 миң сомду түзөт.

TEMPUS   projtct cibeles jep 511172-DE-2-10 (Чечейбаев М.С., Саньков В.И., Таштанбаева В.О),  жалпы каржылоо көлөмү 1310400 сом.

Аткарылган илимий-изилдөө иштери боюнча 10 отчет жана 26 статья даярдалды, алар, жаш окумуштуулардын жана студенттердин илимий-техникалык конференцияларынын материалдары катары «КМТУнун жарчысына», Тажикстандын Худжант шаарындагы II Эл Аралык илимий симпозиумдун жыйнагына жарыяланды.

Студенттер кафедранын окутуучулары менен биргеликте жыл сайын жаш окумуштуулардын жана студенттердин илимий-техникалык конференцияларына катышат.

Кафедра «Жылуулук электр станциялары» жана «Электр энергетикасы нда энергияны үнөмдөө» адистиктери боюнча 115 ашуун бакалавларды жана магистрлерди даярдап келет,  алар Кыргыз Республикасында,  Казакстанда жана ошондой эле Россиянын ишканаларында иштеп жатышат.