Негизги илимий-изилдөө иштери кафедранын профессордук-окутуучу курамы менен төмөнкү багыттарда жүргүзүлгөн:
«Бишкек жылуулук тармагы» ААК менен келишим боюнча: «Бишкек жылуулук тармагы» ААКда иш жүзүндөгү жылуулук жоготуулардын магистралдык өткөргүч жана бөлүштүрүүчү бууөткөргүчтөрүн аныктоо, алардын иштөө режимин стационардык эмес шарттарда сыноо жолу, жалпы каржылоо көлөмү 340 миң сом;
Магистралдык өткөргүч жана бөлүштүрүүчү жылуулук тармактары менен жылуулук жоготууларды аныктоо, жалпы каржылоо көлөмү 291миң. сом;
«Бишкек жылуулук тармагы» ААКда жылуулук магистралында ысык суунун жоготууларын изилдөө, каржылоонун көлөмү 140 миң сом.
Мамлекеттик агенствонун келишими менен интеллектуалдык менчик боюнча:
Жылуулук энергетикалык ишканаларда эмгек коопсуздугун камсыз кылуу иштерин жана санитардык-гигиеналык шарттарды изилдөө, каржылоонун көлөмү 30 миң сом;
2005-жылдан 2009-ж. мамлекеттик бюджет темасы боюнча иштер жүргүзүлдү:
Теплофизикалык жана башка заттардын, тамекинин зыяндуу жана коркунучтуу жана алардын адамга жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасиринен коргоо каражаттарын изилдөө.
Азыркы учурда гранттар боюнча иш жүргүзүлүп жатат:
Жылуулукту сезондук топтоо менен күн нуру менен жылуулукту камсыз кылуу системасы (илимий жетекчиси Саньков В.И. 2008-2012 ж.), кафедра «ЭККБНЫ» менен бирге жалпы каржылоо көлөмү 250 миң сомду түзөт.
TEMPUS projtct cibeles jep 511172-DE-2-10 (Чечейбаев М.С., Саньков В.И., Таштанбаева В.О) жалпы каржылоо көлөмү 1310400 сом.
Аткарылган илимий-изилдөө иштери боюнча 10 отчет жана 26 статья даярдалды, алар «Известия КМТУ», жаш окумуштуулардын жана студенттердин илимий-техникалык конференцияларынын материалдарында, Тажикстан, Худжант шаарындагы II Эл Аралык илимий симпозиумда жарыяланды.
Студенттер кафедранын окутуучулары менен биргеликте жыл сайын жаш окумуштуулардын жана студенттердин илимий-техникалык конференцияларына катышат.
Кафедра «Жылуулук электр станциялары» жана «Ишканаларды энергия менен жабдуу» адистиктери боюнча 115 инженерлерди даярдаган, алар Кыргыз Республикасында, Казахстанда жана ошондой эле Россиянын ишканаларында иштеп жатышат.
Илимий иштер планына ылайык “Жылуулук энергетикасы” кафедрасы илимий-изилдөө иштери боюнча төмөнкү темалар боюнча иш алып барды:
“Бизди курчап турган чөйрөнү зыяндуу жана коркунучтуу таасирлерден коргоочу жылуулуктун физикалык өзгөчөлүгүн” изилдешти (илимий жетекчилер: Саньков В.И., аткаруучулар: Ажибаев Э.К., Кондратьев В.П., Лубинская Т.А.).
Сезон убагында “Күн нурунан жылуулук өндүрүүнүн системасы” грант боюнча (илимий жетекчи: Саньков В.И.; аткаруучулар: Ажибаев Э.К., Кондратьев В.П., Насирдинова С.М.).
Электрдик, жылуулук энергиясы, жаратылыш газынын тарифтерин кредит техникасынын жардамы менен усулун иштеп чыгуу, грант боюнча.
TEMPUS project cibeles jep 511172-DE-2-10 программасы боюнча (Чечейбаев М.С., Саньков В.И., Таштанбаева В.О.) 1310400 сом менен каржыланды.
Бишкек шаарындагы ААК БТПС “Буу жана суу жылуулук тармагынын жылуулукту магистралдуу жоготуу, стационардык шартта алардын иштөө жолун сыноонун режими” (жетекчи: Саньков В.И., аткаргандар: Стамбекова Г.А., Калыс уулу Эдик, Акимов У.А.) 1240510 сом өлчөмүндө каржыланды.
Илимий изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча жарыяланган макалалар
2011 ж.
2012 ж.
2013 ж.
2014 ж.
4
2
4
11
Республикалык жана эл аралык илимий конференцияларда алардын материалдарынын жыйынтыгы жарыяланды.