Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Окуу - методикалык иштер


Окуу-методикалык иштер

Кредиттик технологиялар боюнча окуу процессин уюштуруу  окуу пландарына жана окуу программаларына ылайык ишке ашырылат (640100 «Жылуулук энергетика жана жылуулук техника» жана «Электр энергетикасы жана электр техникасы» багыттары боюнча  иштелип чыккан  Мамлекеттик стандартына ылайык негизги билим берүү программалары). 

Мамлекеттик стандарттарды иштеп чыгууда билим берүү кызматтарына керектөөчүлөрдүн бардык талаптары эске алынган жана тартип үчүн жооп берген маалыматтык, тилдик, гуманитардык жана атайын даярдыктар киргизилген. Жумушчу программаларындын мазмуну иштелип чыккан Мамлекеттик стандарттарга ылайык. 

Окуу сабактар окуу бөлүгү  тузгон санжабына ылайык жургузулөт.  Окутуучулар  менен сабак  жүргүзүүнү  кафедра башчысы, деканат жана  окуу бөлүмүнүн диспетчерлери контроль жүргүзөт. Деканат жана окуу бөлүмүнүн диспетчерлери тарабынан келип чыккан сын-пикирлер кафедранын  жыйындарында каралат.

Студенттердин  лекция, лабораториялык жана практикалык сабактарга катышуу эсебин ар бир окутуучу жургузот жана ар бир окутуучу журналында  маалыматтарды киргизет. Калтырган сабактарды семестр убагында же  семестр аяктагандан кийин кабыл алат.

Окутуучу жеке тапшырма берүү убагында лабораториялык жана практикалык иштер боюнча отчеттор кабыл алынат.

Сабактарын оз учурунда тапшыра албаган студенттер менен кошумча бөлүнгөн убакытта ар бир окутуучу менен жүргүзүлөт.

Курстук иштер жана долбоорлор 2ден кем эмес окутуучудан турган  комиссия курамында кабыл алынат.

Рейтинг жазуу жүзүндө жүргүзүлөт, өзгөчө учурларда оозеки түрүндө. Рейтингдин жыйынтыгы тиешелүү факультеттердин деканатына жиберилет жана студенттерге жеткирилет. 

Окуу планга  ылайык кафедранын окутуучулары аркылуу бардык окутулган сабактар боюнча экзамендик билеттер даярдалат. Тесттик  көзөмөл жүргүзүлөт. Сессиянын жыйынтыгы түзүлгөн планга ылайык кафедранын жыйынында каралат.

МАК Республиканын алдыңкы ишканалардын адистери жана  өндүрүшчүлөр менен жүргүзүлөт.

Сабактарын оз учурунда тапшыра албаган студенттер менен кошумча жана жеке (өзүнчө) бөлүнгөн убакытта семестрдин учурунда жана сессия убагында ар бир окутуучу менен жүргүзүлөт.

Окутуунун сапатын жогорулатууну камсыз кылуу үчүн лекцияларда заманбап илимий жетишкендиктер пайдаланылат, практикалык,  лабораториялык жана курстук иштерди өткөрүү үчүн компьютердик программалар иштелип чыгат жана ошондой эле 2003-2008 - жж. чыгарылган жаңы окуу китептери колдонулат. 

Окуу процессинде лабораториялык иштерди жана практикалык сабактарды өткөрүү боюнча жаңы компьютердик технологиялар ишке киргизилүүдө. Курстук жана дипломдук долбоорлорду эсептөө үчүн  компьютердик программалар иштелип чыккан. 

Жеке пландардын аткарылышын кафедра башчысы ишке ашырат жана аткаруу пландарынын  жыйынтыктары кафедранын жыйынында талкууланат. 

Окутуучулардын окуу-методикалык иштери жеке пландын оң жагына ылайык жүргүзүлөт. Методикалык иштер университеттин окуу-методикалык пособиелердин планына ылайык жүргүзүлөт. Методикалык корсотмолордун жылдын ичинде оз мөөнөттө аткарылышын контролдоо кафедра башчысы ишке ашырылат. 

“Жылуулук техникасы” жана “Жылууулук энергетикасы” багыты боюнча кыргыз тилинде методикалык көрсөтмөлөрдүн саны - 90%. Жалпысынан усулдук камсыздалышы 100% ды түздү. 

Студенттер лабораториялык иштер  боюнча методикалык корсотмолордү бир күн мурун алышат. Ал эми үй тапшырмаларын жана курстук иштерди аткаруу боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү жекече ар бир студентге аткаруу үчүн берилет.

Практикалык иштерге варианттарын көрсөтүү менен методикалык көрсөтмөлөр берилет. Практикалык сабактар окуу санжабы боюнча. Жеке сабактар санжаб боюнча ар бир топ менен жекече кафедрада жүргүзүлөт.

Курстук ишти аткаруу боюнча методикалык корсотмолор бар.  100% камсыз болууну түзөт. 

Окуу адабияты менен камсыздалышы 80-90% түзөт, окулган сабактарга  жараша. Кафедрада атайын сабактар боюнча, электрондук окуу китептер бар,  окуу адабияты 100% жабдылышын түзөт.

Кафедранын сабактары боюнча төмөнкүдөй мезгилдүү басылмалар бар: “Электроэнергетика  жана сууну даярдоо”, "Теплоэнергетика” журналы", "Электр станциялары", "Экологиялык системалар жана приборлор",  "Жылуулук электр станциялары". 

2/225 аудиторияга  15 компьютер  коюлган, 2/520 аудиторияга – 2 компьютер бүтүрүүчү адистер иштөө үчүн.

Бардык сабактар боюнча бекитип берилген лабораториялык жана практикалык сабактарды  өткөрүүгө кафедранын материалдык-техникалык базасы мүмкүндүк берет. 

Методикалык жабдылыштын картасы бар, кафедранын  сабактарынын методикалык жактан камсыз кылуу иштерин пландаштыруу жана аткаруу иштери жүргүзүлүп жатат.

Сабактардын ОУК коюлуучу талаптарына ылайык иштелип чыккан. 

Окуу процессинде “ТЭУ” сабактары боюнча кыргыз тилинде лекциялардын курсу окутулууда жана алар үчүн кыргыз тилинде ОУК иштелип чыккан. 

Эки багыт боюнча кыргыз тилинде Госстандарт иштелип чыккан:

1. «Жылуулук техника жана жылуулуктехника»;

2. «Электр энергетикасы жана электр техникасы».