Чечейбаев Марат Сурахматович
к.т.н., профессор
Чечейбаев Марат Сурахматович 1970-жылы Москва шаарындагы Ленин ордендүү Энергетика институтун “Теплофизика” адистигин бүтүргөн, квалификациясы “жылуулук-физика” инженери.
Москванын Ленин ордендуу энергетика институтунун алдындагы максаттуу аспирантура. 1982-жылы «Теплофизика» адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон.
Чечейбаев Марат Сурахматович “Жылуулук техника” кафедрасында окутуучу, улук окутуучу, доцент болуп иштеген.
Жалпы эмгек стажы – 59 жыл, илимий-педагогикалык стажы – 54 жыл.
Чечейбаев М.С. «Жылуулук электр станциялары», «Жылуулук техникасы», «Термодинамика жана жылуулук өткөрүмдүүлүк» сыяктуу сабактар боюнча сабак берет.
Чечейбаев М.С. “Түтүктөрдөгү жылуулук жоготууларын изилдөө жана жылуулук энергетика ишканаларындагы иштердин коопсуздугун камсыздоо” боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзөт. Илимий-техникалык конференцияларда жана семинарларда үзгүлтүксүз баяндама жасап, аларды басма сөздө жарыялайт.
Эмгекке ак ниет мамилеси, окуу жана илимий-изилдөө иштериндеги ийгиликтери, Кыргыз Республикасы үчүн адистерди даярдоодогу жогорку коомдук активдүүлүгү жана КМТУнун коомдук иштерине активдүү катышкандыгы үчүн ардак грамоталар менен сыйланган:
ТЭЦтин Ардак грамотасы, Бишкек, 2017-ж.
Эл агартуунун отличниги, КР, 1997-ж.