Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Кафедра жарым кылымда.Тарыхы


Кафедранын тарыхы

Философия жана социалдык илимдер кафедрасынын тарыхы

 

1954-ж. Фрунзе Политехникалык институту түзүлгөн күндөн баштап курулуш-энергетикалык факультетинин курамында «Марксизм жана Ленинизм» кафедрасы ачылган. (кафедра башчысы т.и.к., доц. Липович В.В.)

1964-ж. «Марксизм жана Ленинизм» кафедрасынын аталышы “Философия жана илимий коммунизмдин негиздери” (кафедра башчысы ф.и.к., доц. Пеков А.В.) жана “КПСС тин тарыхы”  (кафедра башчысы тарых илимдеринин кандидаты доц. Липович В.В. )  болуп өзгөрүлгөн.

 

ПЕКОВ АНАТОЛИЙ ВАСИЛЬЕВИЧ

Философия илимдеринин кандидаты.

Философия жана социалдык илимдер кафедрасынын 1960-1976- жылдардагы башчысы

1969-ж. “Философия жана илимий коммунизм негиздери” кафедрасы эки кафедрага бөлүнгөн: “Философия” (кафедра башчысы- ф.и.к., доц. Пеков А.В.)  жана  “Илимий коммунизм” (кафедра башчысы- э.и.к., доц. Исаев К.И.) 

Алгачкы кафедра башчылары кафедраны узак убакытка чейин жетектеген. Мисалы, Липович В.В. “Марксизм жана Ленинизм” кафедра башчысы андан кийин “КПССтин тарыхы” кафедрасын 1954-жылдан 1973-жылдарга чейин, ал эми Пеков А.В. “Философия жана илимий коммунизмдин негиздери” андан кийин “Философия” кафедрасын 1963-жылдан 1973 жж. чейин жетектешкен.

Бул жетекчилер жогорку квалификациалуу адистер, энтузиасттар усулдук теоретикага бай жана тажрыйбалуу окумуштуулар болушкан. Алар КМТУнун коомдук илимдер кафедрасы үчүн дегеле республиканын жогорку окуу жайлары үчүн көрүнүктүү кафедра башчыларын, окутуучуларды тарбиялоого жана даярдоого чоң салым кошушкан.

1973-1980 жылдар ичинде кафедра башчылары болуп иштегендер:

“КПССтин тарыхы” кафедра башчысы т.и.к., доц. Забиров К.К.,

1974-1980-жылдары т.и.к., доц. Макенбаев Д.М.

1982-1992-жылдары т.и.к., доц. Малабаев Ж.Н. ж.б.

1976-1978-жылдары “Философия” кафедрасын ф.и.к., ага окутуучу Султашева М. жетектеген.

НИЯЗАЛИЕВ ШАЙЛООБАЙ МАМАСАЛИЕВИЧ

Философия илимдеринин доктору, профессор.

1978-1979-жылдардагы кафедра башчысы.

         УМЕТАЛИЕВА ЖАМАЛ ТЕМИРКУЛОВНА

Философия илимдеринин доктору, профессор.

Философия жана социалдык илимдер кафедрасынын 1979 жылдан 2006-жылдарга чейин жетектеген.

 

САРАЛАЕВ НУР КЕРИМКУЛОВИЧ

Философия илимдеринин доктору, профессор.

2006-2010-ж.   кафедра башчысы

19 82-ж.  В.И. Ульянов-Ленин атындагы Казан мамлекеттик Университетин аяктаган.

 

САЯКБАЕВ ЖЕЛДЕН САЯКБАЕВИЧ

Философия илимдеринин кандидаты, доцент.

2010-2011-жж. “Философия жана социалдык илимдер” кафедрасынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу.

Учурда кафедраны т.и.д., профессор А. Акунов жетектейт.