Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

25.03.2025. «Техносферанын коопсуздугу чөйрөсүндө кадрларды даярдоонун актуалдуу маселелери жана келечеги» тегерек столу


ПРЕСС-РЕЛИЗ

2025-жылдын 25-мартында Кыргызстан, Бишкек ш., Ч. Айтматов көч. 66, «Техносфералык коопсуздук чөйрөсүндө кадрларды даярдоонун актуалдуу маселелери жана келечеги» деген темада тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдун МАКСАТЫ: 

760300 «Техносфералык коопсуздук» багытындагы адистердин сапатын жана даярдыгын талдоо 

ТАЛКУУЛОО ҮЧҮН СУРООЛОР:

«Техносфералык коопсуздук» багытындагы адистердин муктаждыктары үчүн окутуу багыттарын диверсификациялоо.

         Окуу пландарын жана дисциплиналарды кызыкдар тараптар жана иш берүүчүлөр менен талкуулоо жана оңдоо

Баяндамачылар жана катышуучулар:

Тегерек столго илимий коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Чакырылган баяндамачылардын арасында:

  • Садыков Рашит Сагиевич – Айыл- чарба илимдеринин кандидаты, Казакстан Инновация жана телекоммуникациялык системалар университетинин экология жана жашоонун коопсуздугу кафедрасынын профессору
  • Чыныбаев Канат Койчубекович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мониторинг, талдоо жана коопсуздук бөлүмүнүн инспектору
  • Жумабаев Камалдин Жумабаевич – ОШТУнун «Жашоо-тиричилик коопсуздугу» кафедрасынын башчысы, э.и.к., профессор.
  • Эшбаев Абдилазиз Аматович – Б.Осмонов атындагы ЖАГУнун «Өзгөчө кырдаалдардан коргоо жана автотранспортту техникалык тейлөө жана оңдоо» колледжинин КМКнын төрагасы.
  • Шаршеналиев Болот Арстанбекович – Тармактык кеңештин төрагасы жана начальниктин орун басары, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкармалыгынын оперативдүү бөлүмүнүн начальниги
  • Дуйшеналиев Алик Качкынбаевич – Энергетикалык коопсуздук тармагындагы эмгекти коргоо боюнча инженер Бишкекводоканал “Эмгекти коргоону уюштурууну камсыз кылуу боюнча жалпы талаптар жана персоналга талаптар”
  • Мамбетов Эрик Мунайтбасович – Б.Н.Ельцин атындагы КРСУнун «.Экология жана өзгөчө кырдаалдардан коргоо.» кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент
  • Акпаралиев Руслан Абдысаматович – «Энергетикалык институттун» директору.
  • Сыдыков Жыргал Дуйшекеевич – Эл аралык байланыштар боюнча проректор.

Талкуунун жыйынтыгы жана кыскача баяндамасы:

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар окуу программаларын техносфералык коопсуздук чөйрөсүндөгү заманбап чакырыктарга ылайыкташтыруу зарылдыгын белгилеп, билим берүү программаларын өркүндөтүү боюнча тажрыйба жана сунуштар менен алмашышты.

Адистерди даярдоонун жогорку деңгээлин камсыз кылуу үчүн окуу жайлардын, иш берүүчүлөрдүн жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Талкууга кафедра башчысы жетектеген Техносфералык коопсуздук кафедрасынын курамы да активдүү катышып, окуу программаларын жаңылоо боюнча сунуштарын киргизишти.

Корутундулар жана кийинки кадамдар:

Тегерек столдун жыйынтыгында билим берүү процессин өркүндөтүү жана заманбап коопсуздуктун жана туруктуу өнүгүүнүн талаптарына жооп берген адистерди даярдоо боюнча жумушчу сунуштарды түзүү болду.

Уюштуруучулар бардык катышуучуларга техносфералык коопсуздук чөйрөсүндө кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет.