Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


7-март күнү КМТУнун конференц-залында "ТК" кафедрасынын студенттери үчүн КР перезедентинин администрациясынын кырдаал борборунун эксперти Чыныбаев Канат Койчубекович менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда Кыргызстанда көп катталып жаткан өзгөчө кырдаалдарда кандай жөндөмгө ээ болушу керектиги тууралуу айтып берди. Эксперт ошондой эле биздин адистиктин маанилүүлүгүн жана студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

20-мартта Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен “Жашыл Мурас” акциясы болуп, ага “Техносферадагы коопсуздук” кафедрасы жана анын студенттери активдүү катышты.