Кафедранын тарыхы

“Техносфералык коопсуздук” кафедрасынын тарыхы

“Техносфералык коопсуздук” кафедрасы 2018-жылдын 2-июлунда КМТУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими жана И.Раззаковдун №92-буйругунун негизинде “Технологиялык процесстердин жана өндүрүштөрдүн коопсуздугу” жана “Өзгөчө кырдаалдарда коргоо жана экология” адистиктеринин бириктирилиши аркылуу түзүлгөн. Кафедра башчысы — техника илимдеринин кандидаты, доцент Өмүров Жыргалбек Макешович.

Азыркы учурда кафедранын профессордук-окутуучулук курамына 1 профессор, 8 доцент, 8 улук окутуучу, 3 окутуучу, 1 инженер жана 1 лаборант кирет.

Тарыхынан кыскача маалымат

Кафедранын тарыхы 1968-жылдан башталат. Ал жылы Фрунзе политехникалык институтунун (ФПИ) Кеңешинин чечими менен “Эмгекти коргоо” кафедрасы түзүлгөн. Кафедранын биринчи башчысы болуп техника илимдеринин кандидаты, доцент М. Б. Бообеков дайындалган.

1968-жылы кафедраны доцент А. Г. Табаков жетектеген.
1973-жылы кафедра башчысы болуп техника илимдеринин кандидаты А. А. Шаймергенов дайындалган.
1975-жылы кафедраны доцент В. А. Калинкин жетектеген.
1981-жылы кафедра башчысы болуп улук окутуучу В. И. Никаноров шайланган.
1988-жылы кафедра башчысы болуп техника илимдеринин кандидаты, доцент В. В. Волосков дайындалган.

1990-жылдан тартып “Эмгекти коргоо” кафедрасы “Турмуш-тиричилик коопсуздугу” кафедрасы болуп өзгөртүлгөн.
1993-жылы кафедра башчысы болуп техника илимдеринин кандидаты, доцент Э. К. Ажибаев шайланган.
1994-жылы кафедранын окуу программасына “Экология” дисциплинасы кошулган.

1997-жылы кафедралардын бириктирилиши негизинде “Жылуулук техникасы жана турмуш-тиричилик коопсуздугу” кафедрасы түзүлгөн. Анын башчысы болуп техника илимдеринин кандидаты, профессор Вячеслав Иванович Саньков дайындалган.
2017-жылы бул кафедранын башчысы болуп техника илимдеринин кандидаты, доцент Жыргалбек Макешович Өмүров дайындалган.

Студенттер жана окутуучулар жыл сайын жаш окумуштуулардын жана студенттердин илимий-техникалык конференцияларына активдүү катышып келишет.

2005-жылы КМТУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен “Өзгөчө кырдаалдарда коргоо” кафедрасы түзүлүп, анын башчысы болуп К. С. Ибраев дайындалган. 2006–2018-жылдары кафедраны техника илимдеринин кандидаты, доцент А. К. Калчороев жетектеген.

2019-жылы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) менен Новосибирск мамлекеттик техникалык университетинин ортосунда “БЖД техносферада” багыты боюнча бакалаврлар менен магистрлерди биргелешип даярдоо тууралуу келишимге кол коюлган. Бул келишимдин алкагында биргелешкен окуу-усулдук кеңештер, методикалык көрсөтмөлөр жана окуу куралдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен иштелип чыгууда.

Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу максатында онлайн форматта окутуучулар менен студенттердин ортосунда тажрыйба алмашуу иштери жүргүзүлүүдө. Келечекте окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу үчүн чет өлкөлүк стажировкалардан өтүү мүмкүнчүлүктөрү каралууда.

Кафедранын билим берүү багыты

Кафедра 760300 — “Техносфералык коопсуздук” багыты боюнча бакалаврларды жана магистрлерди төмөнкү профилдер боюнча даярдайт:
    •    Технологиялык процесстердин жана өндүрүштөрдүн коопсуздугу;
    •    Өзгөчө кырдаалдарда коргоо;
    •    Айлана-чөйрөнү коргоо.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар