Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Даярдоо багыттары


ЭКБ минбары энергиянын калыптанма булактарынын (чакан жана салттуу гидроэнергетика, күн, шамал энергиясын, төмөнкү потенциалдуу жылуулукту колдонуучу түзүлүштөрдү) ар кандай түрлөрүн жана алардын негизинде энергетикалык комплексти колдонуу боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдайт.

ЭКБ - заманбап, экологиялык таза технологиялар.

ЭКБ минбарынын бүтүрүүчүлөрү - абдан белгилүү жана келечектүү адистер.

ЭКБ минбары адистерди эки баскычтуу окутууну (бакалавр - 4 жыл, техника жана технология магистри - 2 жыл) 640200 "Электроэнергетика жана электротехника" багытында үч  профиль боюнча даярдайт:

  • Гидроэлектроэнергетика;
  • Электрэнергетикадагы башкаруу;
  • Энергиянын альтернативдүү булактары.

Атайын сабактар боюнча окуудан тышкары, студенттер фундаменталдык илимдерден да толук кандуу билимге ээ болушат: физикадан, математикадан, программалоодон, электротехниканын теориялык негиздеринен, механикадан, долбоорлоодон, ошондой эле электр машиналарынан, электротехниклык материалдардан, гидроэнергетикалык орнотмолордон, энергиянын калыптанма булактарынан, өндүрүш экономикасынан, энергетика тармагындагы башкаруудан ж.б.

«Гидроэлектроэнергетика» профилинин бүтүрүүчүлөрү: энергетикалык профилдеги долбоорлоо уюмдарында жана илимий-изилдөө институттарында, энергетикалык жана гидротехникалык профилдеги курулуш, монтаждоо жана ишке киргизүү уюмдарында, ГЭСти автоматташтыруу жана электр тармактарын иштетүүнү кошуп, ошондой эле энергетика жана курулуш боюнча жогорку окуу жайларынын миӊбарында жана лабораторияларда иштей алышат.

«Энергиянын альтернативдүү булактары» профилинин бүтүрүүчүлөрү окуунун аягында күн орнотмолорун, шамал энергетикалык орнотмолорун, биогаз орнотмолорун ж.б. эсептеп, дизайнын иштеп чыгууда билимге ээ болот. Бүгүнкү күндө, бул адистиги боюнча адамдардын дээрлик ар бир тармагында, керектөөчүгө электр энергиясын жеткирүү, которуу жана өткөрүп берүү боюнча муктаждык бар (жылуулук жана электр энергиясы, электр энергиясы, архитектуралык, инженердик, айыл чарба, медицина, ж.б.).  

Тез өнүгүү, электрэнергетика өндүрүшүнүн өркүндөшүү жана модернизацияланышы жаңы форматтагы адистердин келип чыгышына алып келди - энергоменеджерлер - энергетикалык сектордо электр энергиясын, технологияларды уюштуруу жана башкаруу тармагында белгилүү бир инженердик билимге ээ энергетиканы оптималдуу башкаруу боюнча адис.

«Электроэнергетикадагы башкаруу» профилинин бүтүрүүчүлөрүнүн иш багыттары электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчүдөн керектөөчүгө чейинки энергоөндүрүштүн бардык түрү, региондук энергияны үнөмдөө борборлору, энергетикалык аудит жүргүзүүчү жана энергия үнөмдөөчү жабдууларды иштеп чыгуучу илимий-өндүрүштүк фирмалар, энергкөзөмөл жана энергия сатуу органдары. Алар электрстанцияларда, тармак жана электр системаларын башкаруу боюнча, ошондой эле башкаруунун заманбап ыкмаларын билген, баалуу кагаздардын кыймылынын системасын, тарифти түзүү, жөнгө салуу, энергетикалык натыйжалуулукту, долбоорду башкарууда ар кандай акционердик энергетикалык структураларда, ошондой эле энергетикалык системада коммерциялык диспетчер катары иш жүргүзө алышат.

 

ЭКБ минбарынын лабораториясы күн, шамал энергиясын изилдөө үчүн акыркы заманбап стенддер менен жабдылган, миӊбарда заманбап компьютердик лаборатория да бар.

Окууну аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөрдүн аспирантурада, андан кийин докторантурада билимин улантуу үчүн мүмкүнчүлүктөрү бар.

ЭКБ минбарынын студенттери жана аспиранттары университеттик жана эл аралык илимий конференцияларда, конгресс жана семинарларда үзгүлтүксүз баяндама беришет. Алардын көбү жогорку сыйлыктар менен белгиленишет: акчалай сыйлыктар жана ардак дипломдору менен.

Минбардын көптөгөн бүтүрүүчүлөрщ белгилүү ишканаларда эмгектенишет, анын ичинде:

  • "Чакан ГЭС" ААК;
  • "Электр станциялары" ААК;
  • "Кыргызстандын Улуттук электр тармагы" ААК;
  • "Түндүкэлектр" ААКсы;
  • "Жалабатэлектро" ААК;
  • "Ош электр" АККсы;
  • "Чыгыш электр" ААКсы;
  • "Электросила" ЖЧКсы.

ЭКБ минбарынын бүтүрүүчүлөрүн ар тармактык билими, заманбап эсептөө каражаттарын колдоноо билгендиги, математика, экология жана экономика боюнча жогорку билими өзгөчөлөнтүп турат. Мунун баары аларга эмгек жагында кыйла атаандаштык арасында болууга мүмкүнчүлүк берет.

Минбар бүтүрүүчүлөргө азыркы деңгээлдеги айлык маяна менен, кадыр-барктуу жана кызыктуу жумуш табууга жардам берет.