"Суу менен жабдуу жана канализация" кафедрасынын окутуучусу
БИЛИМИ: 2002-2008 жж. Ош
Мамлекеттик Юридикалык Институту, Юридикалык факультет
КЕСИП: Юриспруденция (жогорку билимин диплому)
БИЛИМ: Магистратура: 2021–2023 жж. Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университеттине караштуу Кыргыз инженердик-курулуш институту «Шаардык жана өнөр жай ишканаларын суу менен камсыздоо жана сууну чыгаруу» Кафедрасы
КЕСИП: Инженер (Артыкчылык диплому)
БИЛИМ: Докторантура: 2023 ж. Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университеттине караштуу Кыргыз инженердик-курулуш институту
БАГЫТ: «Шаардык жана өнөр жай ишканаларын суу менен камсыздоо жана сууну чыгаруу» Курулушу
БИЛИМ: Магистратура: 2025 ж. азыркыга чейин. Ж. Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы «Мамлекеттик башкаруу жана туруктуу өнүгүү экономикасы» Кафедрасы
КЕСИП: Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу
СЕРТИФИКАТТАР БАР: 2015 ж. "Каржылык сабаттуулукка" окутуу курстарынан өттүм, "Эл аралык окуу борбору "ILO" сертификаты бар.
2022 ж. Ичүүчү суу менен камсыздоо жана сууну чыгаруу секторунда мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу, "Дүйнөлүк банктын" сертификаты
2024 ж. "Бүткүл дүйнөлүк банктын" 15.11.2024-жылдагы "Борбор Азиядагы долбоорлорду ишке ашыруу академиясынын бөлүмдөрү" алкагындагы окутуудан ийгиликтүү өткөндүгү үчүн сертификаты.
Долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүндө мен тарабынан иштелип чыккан жана киргизилген иштер:
"Ичүүчү суу менен камсыздоо сектору";
"Сугат" айыл чарбасы;
«Муниципалдык ишканалар»;
«Коомчулуктарды мобилизациялоо»;
"Муниципалдык ишканаларды, Суу каналдарын жана Ирригацияны санариптештирүү жана автоматташтыруу"
"Ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын куруу".
Муниципалдык ишканалардын кызмат көрсөтүүлөрүн автоматташтыруу жана санариптештирүү:
Муниципалдык ишканалардын (МИ) ишин жакшыртуу үчүн, биллинг системасы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтыруу жана санариптештирүү бөлүгүндө жаңы программалык камсыздоо иштелип чыккан.
Бул программалык камсыздоо төмөнкү сектор үчүн колдонулат:
"Ичүүчү суу боюнча кызмат көрсөтүү"
«Сугат суу менен камсыздоо кызматтарын көрсөтүү (ирригация)»;
«Катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу».
Айылдык суу менен камсыздоо тутумун натыйжалуу пайдалануу максатында төмөнкүлөр боюнча автоматташтырылган таблица иштелип чыкты:
«Суу менен камсыздоо боюнча муниципалдык ишканалардын натыйжалуу ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүү».
Муниципалдык ишканалардын (МИ) иш кагаздарын жүргүзүүнү жакшыртуу максатында жаңы иштелип чыкты:
«(МИ) менен абоненттердин ортосундагы тараптардын укуктары жана милдеттери боюнча абоненттик китеп».
Институционалдык өнүгүү боюнча кызматкерлердин ишин жакшыртуу жана сапаттуу кылуу үчүн иштелип чыкты:
Областтык жана райондук администрациялар, айыл өкмөтү, жергиликтүү жамаат, жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл активисттери, коммерциялык эмес уюмдар жана муниципалдык ишканалар (МИ) менен иштөө үчүн типтүү документтери бар «Иш-аракеттер планы жана иш-чаралардын кадамдык матрицасы».
Үй чарбаларын суу менен камсыздоо тутумуна кошуу боюнча жаңы нускама (Техникалык шарт) иштелип чыгып, долбоорлонуп жана макулдашылды.
Айылдарда ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын куруу боюнча методиканы киргизүү. Курулган ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын натыйжалуу пайдалануу үчүн, курулушта муундарды бириктирүү бөлүгү боюнча сунуштар киргизилди:
Полиэтилен түтүктөрдү туташуу. Нормативдик документтерге ылайык, учма-уч жана муфталуу (раструб-муфталуу жана электромуфталуу) тууташууларды колдонууга жол берилет. Мурун курулган суу менен камсыздоо системаларын пайдалануу тажрыйбасы көрсөткөндөй, авариялардын 90%га жакыны түтүктөрдүн учма-уч туташылган жерлеринде болот. Муниципалдык суу менен камсыздоо ишканалары тарабынан оңдоо иштери жүргүзүлгөндө раструб-муфталуу жана электромуфталуу туташуулар колдонулган. Мында раструб-муфталуу жана электромуфталуу туташуулар колдонулган жерлерде эч кандай авария катталган эмес, бул туташуунун ушул түрлөрүн колдонуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө тыянак чыгарууга мүмкүндүк берет.
Автомобиль жолдорунун жана темир жолдорунун астынан өтүүдө, ирригациялык каналдардын, көпүрөлөрдүн үстүнөн, тар көчөлөрдө, тоолуу аймактарда, электр подстанцияларынын, трансформаторлордун, электр өткөргүч линияларынын тирөөчтөрүнүн, мал көмүлгөн жерлердин жанында жана башка ушул сыяктуу жерлерде, түтүктүн жарылышына жол берилбеген жана аварияларды жоюуга көп чыгым алып келиши мүмкүн болгон бардык участоктордо раструб- муфталуу жана электромуфталуу туташууларды колдонуу пландаштырылууда.
Ичүүчү суу менен камсыздоочулар үчүн окуу модулдарын иштеп чыгуу боюнча келишимди башкаруу (2018-ж.):
СООППВ жана ОМСУ кызматкерлерин окутуу үчүн муктаждыктарды баалоо жүргүзүлүп, 9 окуу модулу иштелип чыккан консультациялык келишимди башкаруу. Мөөнөттөрдү, материалдардын сапатын жана отчеттуулукту көзөмөлдөө, ошондой эле Дүйнөлүк банктын талаптарына ылайык тренерлерди окутууга даярдоону коштоо камсыздалган.
Иштелип чыккан модулдар төмөнкү темаларды камтыган:
Айыл чарба суу менен камсыздоо системаларын пайдалануу
Жеке үйлөрдү суу түтүк тармактарына кошуу
Экономикалык жактан негизделген тарифтер
Суу менен камсыздоо кызматтарынын абоненттери менен иштөө
Каржылык пландоо жана уюмдарды өнүктүрүү
Бухгалтердик эсептин жана салык салуунун негиздери
Муниципалдык суу камсыздоо ишкананын экономикалык туруктуулугу
Сууну хлор менен зыянсыздандыруу
Ичүүчү суунун сапатын текшерүү
- Кыргыз Республикасынын «Ичүүчү суу менен камсыздоо жана сууну чыгаруу жөнүндө» мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу (2020–2023):
КРнын "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана сууну чыгаруу жөнүндө" мыйзам долбоорунун концепциясын, түзүмүн жана текстин иштеп чыгууга катышкан, анын ичинде колдонуудагы мыйзамдарды талдоо, укуктук мүчүлүштүктөрдү аныктоо.
Суу менен камсыздоо жана канализация секторунда нормативдик-техникалык документтерди (СНиП) иштеп чыгууга катышуу (2020–2023-жж.): суу менен камсыздоо жана канализация (СКК) секторунун объектилерин долбоорлоодо жана курууда колдонулуучу нормативдик техникалык документтердин (курулуш нормалары жана эрежелери) өркүндөтүлгөн варианттарын «Керемет» илимий институту менен биргеликте иштеп чыгуу, техникалык тапшырмага ылайык төмөнкү нормативдик-техникалык документтер (НТД) иштелип чыкты:
СН КР 40-02:2022 «Суу менен камсыздоо. Сырткы тармактар жана курулмалар» эрежелерине (2010-жылдагы СНиП 2.04.02-84* «Суу менен камсыздоо. Сырткы тармактар жана курулмалар» үчүн иштеп жаткан техникалык шарттарга (ТУ) түзөтүүлөр жана толуктоолор киргизилген);
КР 40-02:2022 курулуш нормалары (СН) «Суу менен камсыздоо». Сырткы тармактар жана курулмалар» (актуалдаштыруу жана корректура жүргүзүлдү; РФ НТД (СНиП 2.04.02-84* (2009) жана СП 31.13330.2012 (2013)) жана КР (СНиП РК 4.01-02-2009 (2010-2017-жылдар аралыгында өзгөртүүлөр киргизилген)) негиз катары алынды);
КР СК 40-03:2022 «Суу чыгаруу. Сырткы тармактар жана курулмалар» (актуалдаштыруу жана корректура жүргүзүлдү; негиз катары РФ НТД (СНиП 2.04.03-85 (1995) жана СП 32.13330.2018 (2019)) жана КР (СНиП РК 4.01-03-2011 (2019)) алынды);
КР СК 40-04:2022 «Калкынын саны 5000ге чейин жеткен калктуу конуштардын жана рекреациялык объектилердин суу чыгаруу тутуму. Долбоорлоо ченемдери» (жаңы иштелип чыккан - биринчи жолу аткарылды).
НТДнын акыркы версиялары учурда КР Мамкурулуштун буйругу менен бекитилүүдө.
И. Раззаков атындагы КМТУга караштуу Кыргыз инженердик-курулуш институтунда (суу менен камсыздоо жана канализация кафедрасы) Окуу борборун түзүүгө жана ишке киргизүүгө катышуу:
Суу менен камсыздоо секторун институционалдык өнүктүрүү алкагында Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин КИСИнин суу менен камсыздоо жана канализация кафедрасынын базасында адистештирилген Окуу борборун түзүүгө жана уюштуруу ишине активдүү катышты. Борбор төмөнкүлөргө багытталган:
суу менен камсыздоо жана санитария сектору үчүн жаңы адистерди даярдоо;
суу менен камсыздоо боюнча муниципалдык ишканалардын (МКИ) жана башка кызмат көрсөтүүчүлөрдүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо;
ВСиВО системаларын эксплуатациялоо, башкаруу жана техникалык тейлөө боюнча тренингдерди, кыска мөөнөттүү курстарды жана сертификациялык программаларды өткөрүү.
Иш ЖОЖ менен өз ара аракеттенүүнү координациялоону, окуу программаларын иштеп чыгууну, кадрларды даярдоонун артыкчылыктуу багыттарын аныктоону жана борбордун ишмердүүлүгүнүн институционалдык туруктуулугун камсыздоону камтыган.
Сыйлыктар:
Ыраазычылык кат: Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Даркан айыл өкмөтү. Ичүүчү суу менен камсыз кылганы жана суу менен камсыздоо боюнча муниципалдык ишкананын институционалдык өнүгүүсүн камсыз кылганы үчүн, 2021-ж.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоо жана сууну чыгарууну өнүктүрүү департаментинин Ардак грамотасы. Айыл жерлеринде ичүүчү суу менен камсыздоо тутумун курууну өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн 17.03.2022-ж.
Ардак грамота: Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнөн суу менен камсыздоо боюнча муниципалдык ишкананын өнүгүшүнө, ичүүчү суу менен камсыз болушуна жана институционалдык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн, 2023-ж.
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин Ардакграмотасы: Ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана АРИСтин долбоорлорун ишке ашырууга кошкон салымы үчүн 2023-жылдын 15-сентябрында берилген.
1-даражадагы диплом: Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине караштуу Кыргыз инженердик-курулуш институту: "Курулуштагы заманбап тенденциялар, көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору" аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференцияга активдүү катышкандыгы үчүн 02.11.2023-ж.
Ардак грамотасы: Эркин-Тоо айылынын Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууга жана Ош облусунун Өзгөн районундагы «Кызыл-Тоо-Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын туруктуулугун түзүүгө кошкон зор салымы үчүн 2024-жылдын 25-апрелинде берилген.
Ардак грамота: Кеңеш жана Пор Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, куруу жана пайдаланууга кошкон зор салымы үчүн Ош облусунун Кара-Кулжа району, №53, 20.05.2024-ж.
Ардак грамота: Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Ачык-Суу жана Кабык айылдарынын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылууга кошкон зор салымы үчүн № 21, 2024-ж.
«Улут Сыймыгы» төш белгиси менен сыйланган: Ичүүчү суу менен камсыздоо, сууну чыгаруу жана ирригация секторун өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн 21.10.2024-ж.
Ысык-Көл облусунун Түп райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы: Түп районунун муниципалдык ишканаларын түзүүгө, туруктуулугун камсыз кылууга, иштетүүгө жана институционалдык өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн 29.11.2024-ж.
«Жылдын Мыктысы» статуэткасы менен сыйланган: Ичүүчү суу менен камсыздоо, сууну чыгаруу жана ирригация секторун өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн 20.12.2024-ж.
ТИЛДЕРДИ БИЛҮҮ: Кыргыз - эне тили, Орус - абдан жакшы. Англис – сөздүк менен, Өзбек – жакшы
ТЕХНИКАЛЫК ЖӨНДӨМДҮҮЛҮКТӨРҮ: Microsoft Word, Microsoft Excel, Power Point, Internet.
КЫЗЫГУУЛАРЫ:Илим: билим берүү, саясий, дипломатиялык, экономикалык, финансылык, өндүрүштүк, өнөр жай, санариптик IT, техникалык, суу жана айыл чарба; окуу; спорт (волейбол), (үстөл тенниси), (футбол), (бильярд), (шахмат) жана IT технологиялары
ИШКЕРДИК САПАТТАР: Тапшырылган ишке жоопкерчилик, тактык, коммуникабелдүүлүк, жумушта жаңы инновациялык технологияларды, идеяларды, ыкмаларды киргизүү, командада иштей билүү.
Негизгиси натыйжага багытталган иш.

