Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Багыттар жана профилдер/программалар


Багыттар, профилдер жана программалар

«Курулуш механикасы жана гидротехникалык курулуш» кафедрасы төмөндөгү багыттагы бакалавр студенттерди жана магистранттарды даярдап чыгарат.

Багыты: 760100 «Жаратылышты жайгаштыруу жана сууну пайдалануу».

Профили: «Суу ресурстары жана суу пайдалануу».

Бул багытты даярдоо жаатында престиждүү, популярдуу, заманбап, мобилдүү компетенттүү адистер даярдалып чыгат.

Багыттарды даярдоодо кафедрада күндүзгү, сырттан окуу бөлүмдөрү бар. Окууну аяктагандан кийин студенттер «Жаратылышты жайгаштыруу жана сууну пайдалануу» багыты боюнча «бакалавр» жана «магистр» дипломдорун алышат. «Суу ресурстары жана сууну пайдалануу» адистиги боюнча бакалавр жана магистратуранын бүтүрүүчүлөрү ийгиликтүү ишке орношуп, алардын көпчүлүгү төмөнкү мамлекеттик мекемелерде карьерасын куруп жатышат:

  • Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак - аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги;
  • Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
  • Суу чарба жана мелиорация департаменти;
  • «Кыргызсуудолбоор» ААКсы;
  • Мелиоративдик гидрогеологиялык экспедициялар;
  • Областтык жана райондук суу чарба башкармалары;

Багыты: 750500 «Курулуш».

Профили: «Гидротехникалык курулуш».

Бул профилдеги бүтүрүүчүлөр келечектеги гидротехниктер, башкы инженерлер, уюмдардын жетекчилери, инженердик кызматтарда долбоорлоо уюмдарында долбоорлоочулар боло алышат. Бул багыт бакалавриат жана магистратура деңгээлинде да ишке ашырылат. «Гидротехникалык курулуш» адистиги боюнча бакалавр даражасын бүтүргөндөр ийгиликтүү жумушка орношуп, алардын көпчүлүгү төмөнкү мамлекеттик мекемелерде карьерасын куруп жатышат:

  • Министрликтер жана ведомстволор (Энергетика министрлигинин системасында, Өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлигинде, Айыл жана суу чарба министрлигинде, биргелешкен ишканаларда жана акционердик коомдордо);
  • Дарыя гидротехникалык курулмаларын куруу жана эксплуатациялоо уюмдарында төмөнкүдөй максаттарда: энергетика, суу транспорту, суу алуу, ирригация жана агымын жөнгө салуу;
  • Гидроэлектростанцияларды, гидрокурулуштарды жана гидромелиоративдик системаларды долбоорлоо уюмдарында;
  • Электр энергиясын өндүрүүнүн салттуу эмес ыкмаларын өнүктүрүүгө, микроГЭСтердин базасында гидроэнергетика менен жабдууну өнүктүрүүгө жетекчилик кылган уюмдарда;
  • Илимий уюмдарда энергияны иштеп чыгаруунун жана жаратылыш ресурстарын комплекстуу пайдалануунун ишенимдүү жана эффективдүү системаларын түзүү көйгөйлөрүн чечүүдө.