Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Стамалиев Айбек Керимович


Стамалиев Айбек Керимович
доценттин м.а.

"Курулуш конструкциялары, имаратттар жана курулмалар" кафедрасынын доценттин милдетин аткаруучусу

  • Билими: Жогорку, ЛИСИ, 1981-ж.
  • Эмгек ишмердүүлүктүн негизги этаптары:
  • Жалпы эмгек стажы 38 жыл, илимий-педагогикалык стаж-38 жыл.
  • Сыйлыктары: КРдин билим берүү мыктысы

    Басылмалары: 40 тан ашуун илимий эмгектери

        1981-жылы Ленинград инженердик-курулуш институтун «Өнөр-жай жана жарандык курулуш» адистиги  боюнча аяктаган. Институтту актаган соң Фрунзе политехникалык институтунун «ТБК» кафедрасынын окутуучусу болуп эмгектенген. 1984-жылдан 1991-жылга чейин, Р/У Кыргызколхозкурулуш системасында,  өндүрүштө иштеген. 1991-жылы ФПИнин ректорунун буйругу менен «ТБКжФН» кафедрасына ага окутуучулук кызматка алынган. 

         1992-жылы сынактан «ТБКжФН» кафедрасынын ага окутуучулук кызматына тандалып алынган. 1994-жылы курулуш факультетинин деканынын орун басары болуп дайындалган.2001- жылы окуу башкармалыгынын сапатты текшерүү бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган. 2003-2004-жж. курулуш-технологиялык факультеттин деканы жана «ТБКжКТ» кафедрасынын доцентинин м.а. болуп эмгектенген.  2006-жылдан 2008-жылга чейин КМКТАУнун окуу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Стамалиев А.К. «ТБК» сабагынан лекцияларды окуйт.  Курстук жана дипломдук долбоорлорду жетектейт, сабактарды жогорку илимий-усулдук деңгээлде өткөрөт.    

          Стамалиев А.К. компьютердик технологияны жеткиликтүү түрдө билет, анын ичинде имараттар менен курулмалардын көтөрүүчү конструкцияларынына  ар түрдүү таасирлердин түрлөрүн эсептөөчү программаларды  өздөштүргөн. Стамалиев А.К. окуу-тарбиялык процессине  жаңы «Билим берүү жөнүндөгү мыйзамды» активдүү киргизүүчүлөрдөн болгон; Стамалиев А.К. өздүк киришүүсүнүн артында,  550100 «Курулуш» багыты боюнча   биринчи муундагы базалык жана толук жогорку билим берүүнүн мамлекеттик стандарты,  «ОГК»  кесиби боюнча адистерди  дайындоонун жумушчу окуу пландары иштелип чыккан. 40 тан ашуун илимий жана окуу-усулдук эмгектери, алардын ичинде 25 макала, 15 усулдук көрсөтмө, 2 окуу куралы бар. Билим берүүгө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн, «Билим берүүнүн мыктысы» наамына татыктуу болгон.  


Телефон: 0312 54-56-41

Кабинет: кампус 2, 3 корпус, каб. 203

e-mail: a.stamaliev@kstu.kg