Билим берүү ишмердүүлүгү
Кафедранын билим берүү ишмердүүлүгү маалыматтык системалар жана технологиялар тармагында атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоого багытталган. Кафедра 710200 «Маалыматтык системалар жана технологиялар» багыты боюнча бакалавриат жана магистратура программаларын ишке ашырып, студенттердин кесиптик, жалпы маданий жана илимий-изилдөө компетенцияларын калыптандырууга басым жасайт.
Кафедранын окутуу ишинде фундаменталдык теориялык даярдоо жана заманбап маалыматтык технологияларды, электрондук билим берүү ресурстарын колдонуу менен практикага багытталган окутуу айкалыштырылат. Билим берүү программаларынын мазмуну мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарын, илимдин өнүгүүсүн жана эмгек рыногунун муктаждыктарын эске алуу менен дайыма жаңыланып турат.
Кафедра ишке ашырылып жаткан билим берүү программаларын окуу-методикалык жактан коштоону, электрондук окуу материалдарын иштеп чыгууну, ошондой эле студенттердин өз алдынча жана илимий-изилдөө иштерин колдоону камсыз кылат. Бакалаврлардын бүтүрүүчү квалификациялык иштерин жана магистрдик диссертацияларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулат.
Шилтемелер:
- Негизги билим берүү программалары (НББП)
- Окуу-методикалык материалдар
- Электрондук билим берүү ресурстары
- КМТУнун билим берүү порталы (LMS)
- Бүтүрүүчү квалификациялык иштер боюнча методикалык көрсөтмөлөр
- Диплом алдындагы практика
- СӨИ (студенттердин өз алдынча иши) жөнүндө жобо
- Билимди контролдоо жөнүндө жобо

