Кафедранын долбоорлору
А. Жайнаков атындагы «Маалыматтык системалар жана технологиялар» кафедрасынын кызматкерлери заманбап маалыматтык технологияларды өнүктүрүүгө, билим берүүнү санариптештирүүгө жана инновациялык чечимдерди киргизүүгө багытталган илимий-изилдөө, билим берүү жана колдонмо долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышып келишет.
Кафедранын долбоордук ишмердүүлүгү төмөнкү негизги багыттар боюнча жүргүзүлөт:
- Маалыматтык системаларды жана программалык продуктуларды иштеп чыгуу жана киргизүү;
- Колдонмо маселелерди чечүү үчүн жасалма интеллект жана маалыматтарды анализдөө технологияларын колдонуу;
- Маалыматтык-телекоммуникациялык жана булуттук технологияларды өнүктүрүү;
- Жерди дистанциялык зонддоо маалыматтарын иштеп чыгуу жана анализдөө;
- Санариптик билим берүү технологиялары жана электрондук окутуу;
- Математикалык моделдөө жана эсептөө методдору.
Кафедранын кызматкерлери мамлекеттик илимий-техникалык программалардын алкагында, КР Билим берүү жана илим министрлигинин гранттары боюнча, ошондой эле эл аралык илимий уюмдар менен кызматташууда бир катар долбоорлорго катышкан. Алардын ичинде:
- «Комплекстүү изилдөөлөрдүн негизинде катуу органикалык жана органикалык эмес калдыктарды жок кылуунун экологиялык таза плазмалык технологияларын иштеп чыгуу»;
- «Комплекстүү изилдөөлөрдүн негизинде катуу калдыктарды иштетүүнүн жогорку температуралык технологиясын моделдөөнүн компьютердик системасын иштеп чыгуу».
2025-жылы кафедрада чет өлкөлүк өнөктөш — Вена техникалык университетинин (TU Wien) профессору Андреас Раубердин катышуусу менен «Кыргызстандын жана Австриянын университеттеринде изилдөө маалыматтарын башкаруу практикасын түзүү жана өркүндөтүү» аттуу эл аралык долбоордун үстүндө иш башталды.
Долбоорду ишке ашырууга И. Раззаков атындагы КМТУ (Бишкек ш.) жана Нарын мамлекеттик университети (Нарын ш.) катышууда. Долбоордун жумушчу тобунун курамына кафедра башчысы, доцент Аманкулова кирген. Бул долбоор академиялык мобилдүүлүктү жана эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга кафедранын окутуучулары, магистранттары жана студенттери активдүү катышып, бул алардын илимий-изилдөө жана долбоордук ишмердүүлүк боюнча практикалык көндүмдөрүнүн калыптанышына жана кесиптик деңгээлинин жогорулашына шарт түзөт.

